Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:46

БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореянын ракета сыноосун талкуулайт


Түндүк Корея сыноо үчүн учурган ракета. 30-сентябрь, 2021-жыл.
Түндүк Корея сыноо үчүн учурган ракета. 30-сентябрь, 2021-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши 20-октябрда Түндүк Кореянын ракета сыноосуна байланыштуу чукул жыйын өткөрөт. Маалымат каражаттары жазгандай, жабык эшик артында жыйын өткөрүүнү Британия жана АКШ сураган.

Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат каражаттары Пхеньян суу астында сүзүүчү баллистикалык ракетанын "жаңы түрүн" (SLBM) ийгиликтүү сынаганын маалымдашкан.

Пхеньянга Коопсуздук кеңешинин резолюциялары боюнча өзөктүк курал жана баллистикалык ракеталарды жасоого тыюу салынган. Бул үчүн санкция киргизилген.

Түндүк Кореянын Борбордук маалымат агенттиги (KCNA) ракетада "башкаруунун жетектөөчү көптөгөн технологиялары" бар экенин билдирди. Ага ылайык ракета Корей жарым аралынын чегинен алыс жайгаштырууга жана анын аскердик базаларына чабуул болгон учурда жооп кайтарууга мүмкүндүк берет.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки ракетанын учурулушун коркунуч катары баалады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG