Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:16

БШК бир мандаттуу округдардан 110 талапкерди каттады


Бир мандаттуу округдардын картасы, жалпы 36 округ.
Бир мандаттуу округдардын картасы, жалпы 36 округ.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдардан жалпы 110 талапкерди каттады. Боршайкомдун 20-октябрдагы маалыматына караганда, 36 бир мандаттуу округдан 335 адам документтерин толук тапшырган. 14 адам талапкерликтен баш тарткан.

Катталган талапкерлердин ичинде Айбек Осмонов, Тазабек Икрамов, Искендер Матраимов, Нурбек Алимбеков, Элмурза Сатыбалдиев сыяктуу Жогорку Кеңештин азыркы жана мурдагы депутаттары бар.

28-ноябрда боло турган парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниети менен БШКга 381 адам кайрылган. 341и 150 миң сомдук шайлоо күрөөсүн төккөн.

20-октябрда саясий партиялардын Жогорку Кеңештин депутаттыгына партиялык тизме менен бара турган талапкерлерди сунуштоо мөөнөтү аяктады. Бул аралыкта 54 талапкерден ашпаган тизмени 21 саясий партия берди.

Жалпы сунушталган талапкерлердин саны 1046 болуп, алардын 669у эркек, 377си аялдар. Майыптыгы бар адамдардан 46, 189 талапкер башка улуттан, 267 талапкер 35 жаштан жогорку адамдар.

29-октябрга чейин БШКда алардын документтери текшерилет.
Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутаттарды шайлоо аралаш система менен өтөт. 54 депутат партиялык тизме аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG