Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:20

Кремл Навальный боюнча Европарламенттин чечимин сыйлабастыгын билдирди


Европарламент Сахаров атындагы сыйлыкты Алексей Навальныйга ыйгарарын 20-октябрда жарыялаган.
Европарламент Сахаров атындагы сыйлыкты Алексей Навальныйга ыйгарарын 20-октябрда жарыялаган.

Кремл камактагы орус оппозициясынын лидери Алексей Навальныйга Сахаров атындагы сыйлыкты ыйгарууну туура көргөн европалык мыйзам чыгаруучулардын чечимин сыйлабайт. Бул тууралуу президент Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков 21-октябрда журналисттерге билдирди.

«Биз Европарламентти сыйлайбыз, бирок анын чечимдерин сыйлоого бизди эч ким мажбурлай албайт», - деди Песков.

Бир катар серепчилердин айтуусунда, бул сыйлык Путинге Навальный жөн гана жергиликтүү оппозициячыл саясатчы эмес, глобалдык фигурага айланганын көрсөттү. Кремл аны экстремисттик уюмду негиздеген кылмышкер катары мүнөздөп келет.

Путиндин ашынган сынчысы Навальный жыл башында Германиядан дарылануудан келери менен камалган. Ал Кремлдин көрсөтмөсү менен ууландырылганын айтып келет. Москва бул дооматты четке кагып жүрөт. Евробиримдик Навальныйдын камалышына жана ууландырылышына байланыштуу орус аткаминерлерине санкция салган.

45 жаштагы Навальный мурда козголгон иш боюнча 2,5 жылга кесилген. Ал бул иштин саясий мүдөөсү бар экенин айтып келет.

Европарламент Сахаров атындагы сыйлыкты Алексей Навальныйга ыйгара турганын 20-октябрда жарыялаган.

Советтик диссидент Андрей Сахаров атындагы сыйлыкка татыгандардын арасында Түштүк Африка республикасынын мурдагы президенти Нельсон Мандела жана кыздардын билим алуусу үчүн күрөшүп келген Малала Юсуфзай дагы бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG