Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:16

"УКМК кызматкеримин" деп журналистке опуза кылган адам табылды


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкеринин күбөлүгү. Иллюстрация үчүн колдонулду.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкеринин күбөлүгү. Иллюстрация үчүн колдонулду.

"Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкеримин" деп журналист Мээрим Айныкеевага опуза кылган адам табылды. Ал Бишкек шаарынын тургуну экенин 22-октябрда УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Айныкееванын арызынын негизинде анын тек-жайы такталып, атайын кызматтын кабыл алуу бөлүмүнө алынып келинген. Журналистти мурдатан тааный турганын, ресторанда мас абалында аны тамашага салганын, бул үчүн өкүнөрүн айткан.

Мээрим Айныкеева ал адамды тааныбай турганын билдирди.

Баштапкы маалыматтарга караганда, журналистти опузалаган адам эч жерде иштебейт. Анын жоругуна юридикалык баа берүү үчүн материалдар атайын кызматтын Тергөө башкармалыгына өткөрүлдү.

Мээрим Айныкеева - “Али Токтакунов МедиаХабынын” кабарчысы. Ал белгисиз бирөө зомбулугуна Бишкектеги кафелердин биринде туш болгон. "УКМКда иштейм" деген адам анын телефонун тартып алууга аракет кылганын иликтөөчү журналист Али Токтакунов 12-октябрда "Фейсбукка" жазган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG