Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28

23-октябрдын аба ырайы


Кыргызгидромет агенттиги 23-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунда, Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу жерлеринде жамгыр, кар жаайт деп кабарлады. Күндүз Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болот. Батыш тараптан жел согуп турат, кээ бир райондордо ылдамдыгы секундасына 20 метрге жеткен шамал болот.

Абанын температурасы:

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...+4, күндүз 9...14,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...+2, күндүз 6...11,

Талас жергесинде түнкүсүн -1...-6, күндүз 5...10,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1...-6, күндүз 2...7,

Нарын облусунда түнкүсүн -12...-17, күндүз -2...-7,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...5°.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн -1…+1, күндүз 9…11°.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG