Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:31

Тогуз-Тородо автоунаалар жүргүнчүлөрү менен кар алдында калды


Тогуз-Торонун Сары-Кыр ашуусунда бир жеңил машине жана эки жук ташуучу автоунаа айдоочулары жана жүргүнчүлөрү менен кар алдында калды. Арасында балдар да бар. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан басма сөз кызматкери Ислам Жолборсбек уулу билдирди.

22-октябрда түш ченде куткаруучулар тийиштүү техникалар менен окуя болгон жерге жөнөп кетишкен.

Жалал-Абад - Казарман жолу жылына суук түшкөндө беш ай жабык болуп, Тогуз-Торо районунун тургундары башка аймактарга Нарын аркылуу катташат.

Аба ырайы кескин өзгөрүп, кар калың жаагандыктан жана бороондон улам Бишкек - Ош жолуна да чектөө киргизилди. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG