Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:35

Калың карга байланыштуу Бишкек - Ош жолуна чектөө киргизилди


Бишкек - Ош жолундагы ашуулардан жана посттордон тартылган сүрөттөр.
Бишкек - Ош жолундагы ашуулардан жана посттордон тартылган сүрөттөр.

22-октябрь күнү саат 09:00дөн баштап Чүй облусунун Бишкек - Ош багыты боюнча Сосновка айылынан Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашуулары аркылуу бардык оор жүк ташуучу транспорт каражаттарына, Жалал-Абад облусунун "Чычкан" постунан Ош - Бишкек, Өтмөк ашуусу Талас - Бишкек багыттары боюнча бардык транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады.

Мындай чечим аба ырайы кескин өзгөрүп, кар калың жаап, бороондон улам транспорт каражаттарынын кыймылына коркунуч жаралгандыгына байланыштуу кабыл алынды.

Учурда Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашууларында жана Суусамыр жолунда инерттүү материалдарды себүү жана жолдун кыймылдуу бөлүгүндө тазалоо, карды жыйноо иштер жүрүүдө. Убактылуу коюлган чектөөлөр тазалоо иштери бүткөндөн кийин калыбына келтирилет.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды түшүнүү менен кабылдоого жана тургундарды жолго чыгуу пландарын кийинкиге калтырууга чакырат.

Кыргызгидромет агенттиги 22-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, дыйканчылык аймактарда жаан карга айланарын билдирди. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын болот. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG