Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:12

HRW: Ооган качкындары оор абалда


Иран-ооган чек арасындагы нейтралдуу тилкеде калган оогандык качкын жигит.
Иран-ооган чек арасындагы нейтралдуу тилкеде калган оогандык качкын жигит.

"Хьюман Райтс Вотч" (HRW) укук коргоо уюму ара жолдо калган оогандыктарга кам көрүүгө чакырды.

Бул уюм Ооганстандан чыга албай жашырынып жүргөн же үчүнчү өлкөлөрдө кодуланган качкындарды жайгаштыруу үчүн БУУнун мекемелери менен кошуна өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө кайрылды.

БУУ менен өкмөттөргө кулак кагыш

"Хьюман Райтс Вотч" кошуна өкмөттөрдү Ооганстанда талибдердин куугунтугунан качкан оогандарды колдоого чакырды. Анда өлкөдөн чыга албай, жашырынып жүргөн жана кошуна мамлекеттерден башпаанек издеген оогандардын кодулоого дуушар болгон оор абалы айтылып, БУУнун тиешелүү мекемелери менен өкмөттөргө ал качкындарды кабыл алып, тез арада жайгаштыруу милдети турганы эскертилди.

Бул маселеде БУУнун атайын баяндамачысы Ирен Хан этникалык-диний азчылыктын, аялдар укугун коргогон уюмдардын жана эркин медианын өкүлдөрү тобокелчилик топторуна кирерин айтты.

Ирен Хан. БУУнун атайын баяндамачысы.
Ирен Хан. БУУнун атайын баяндамачысы.

"Ооганстанда ансыз дагы абдан коркунучтуу кырдаал. Ушундай кырдаалда, албетте, “Талибан” менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү бир топ татаал. Ошентсе дагы, кимдер эл аралык деңгээлде талибдер менен сүйлөшүп жаткан болсо, алардан өзгөчө этникалык азчылыктарга, аялдарга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына карата мамилесин аныктап, пикир айтуу эркиндигин сактоону талап кылышы кажет", - дейт БУУнун атайын баяндамачысы.

"Талибан" эркин кирип-чыгуу укугун тааныйт

21-октябрда жарыяланган бул баяндамада талибдердин өч алуусунан коркуп, баш калка издеген ооган армиясы менен коопсуздук күчтөрүнүн мурдагы аскерлери, соттор менен тергөөчүлөр жана мурдагы мамлекеттик кызматкерлердин ара жолдо калган жагдайы айтылды. Анан кошуна өлкөлөр бир жактуу чек араларын жаап салганда, оогандыктар мыйзамсыз кесип өтүп, бирок кармалып, кайра артына кайтарылган же болбосо ара жолдо калган учурлар бар экени мисалга алынды.

"Талибан" өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки оогандардын өлкөгө эркин кирип-чыгуусуна тоскоолдук жок экенин айтты.

Амир Хан Муттаки, "Талибан" өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу.
Амир Хан Муттаки, "Талибан" өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу.

"Бир жума мурун Дохада биздин Германия менен узакка созулган сүйлөшүүлөр болуп өттү. Ошондой эле ага чейин Европа биримдиги жана АКШ менен дагы сүйлөшүүлөр жүргөн. Биз анда колунда мыйзамдуу документтери бар оогандыктарга Ооганстандан эркин чыгышына жана өлкөгө тоскоолдуксуз кайтып келүүсүнө кепилдик берген чечимге келгенбиз", - деген “Талибан” өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу.

Депортациялар, "Талибанга" таасир этүү

Адам укугун коргоо уюму кошуна өкмөттөргө баш калка издеп барган оогандарды аталган мамлекеттерде кармоону жана кодулоону токтотуп, аларга адамгерчилик менен мамиле жасоого үндөдү.

Буга чейинки башпаанек берүүдөн баш тарткан иштерди кайра кароо демилгеси да көтөрүлдү. Буга байланыштуу "Хьюман Райтс Вотч" уюму Борбор Азия чөлкөмүнүн, Пакистандын, Ирандын жана Европанын өкмөттөрүнө баш калка издеген оогандарды артына кайтарууну убактылуу токтотуп турууну сунуштады.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг кезектеги жыйында, Ооганстанда “Талибан” милдеттеме алган негизги маселер боюнча анын жоопкерчилиги сураларын айтты.

Йенс Столтенберг, НАТОнун баш катчысы.
Йенс Столтенберг, НАТОнун баш катчысы.

"Эртең биз Ооганстанды талкуулап, террористтер аны баш калкалай турган жай катары пайдаланбашына кандай кепилдиктер бар экенин карайбыз. Союздаштарда террористтик коркунучтарга каршы алыстан туруп, аба соккуларын ура турган мүмкүнчүлүктөр бар. Ошондой эле биз “Талибандан” терроризмге каршы күрөшүү, адам укуктарын сактоо жана өлкөнү таштап кетүүнү каалагандардын өлкөдөн коопсуз жана эркин чыгуусун камсыздоого кепилдик берүү боюнча милдеттерин аткарууну талап кылабыз. Ал эми эл аралык коомчулук “Талибанга” экономикалык жана дипломатиялык рычагдар аркылуу таасир этет", - деди НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг.

Мындан сырткары адам укугун коргоо уюмунун баяндамасында талибдердин жазалоосунан качып, өлкөдөн чыгып кетүүнү көздөгөн оогандардын мүмкүнчүлүктөрү улам азайып баратканы көрсөтүлгөн.

Жакында Пакистандын улуттук авиакомпаниясы Кабул- Исламабад аба каттамын токтотту. Азыркы учурда Qatar Airways менен жергиликтүү жеке менчик оогандык Kam Airways компаниялары гана чектелген аба каттамдарын аткарып жатканы белгиленди.

Буга чейин Amnesty International уюму дагы талибдердин куугунтугунан качкан оогандар коопсуз жайдан башпаанек алуунун ордуна, орто жолдо тоскоолдуктарга дуушар болуп жатканын билдирген болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG