Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:32

Бишкекте "АгроТехЭкспо-2021" көргөзмөсү ачылды


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата Бишкек шаарынын эски аянтында “AгроТехЭкспо2021” көргөзмөсү жана “Алтын күз” айыл чарба жарманкеси ачылды. Анын ачылышына президенттик администрациясынын жетекчиси, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков баштаган аткаминерлер катышты.

Көргөзмөдө айыл чарба техникасы, асыл тукум мал-жандыктар жана өсүмдүктөрдү өстүрүүдө, мал чарбасына колдонулуучу жаңы технологиялардын түрлөрү көрсөтүүгө коюлду. Органикалык азыктарды өндүргөн дыйкан-фермерлер өз продуктуларын эл баасына жайды.

"АгроТехЭкспо" көргөзмөсү бир нече жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. Быйыл 22-октябрда башталган иш-чара 23-24-октябрда да уланмакчы.

Министр Аскарбек Жаныбеков жыйында кабарлагандай, 2021-жылдын тогуз айынын жыйынтыгында Кыргызстандын айыл чарбасы 246,6 млрд. сомдук продукция өндүрдү. Бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 57 млрд. сомго көп. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG