Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Акыйкатчы кеңсесинин Өзгөндөгү жыйынында диний көйгөйлөр көтөрүлдү


Тургундар кара чүмбөт кийген кыз-келиндер көбөйгөнүнө тынчсызданышууда. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.
Тургундар кара чүмбөт кийген кыз-келиндер көбөйгөнүнө тынчсызданышууда. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.

Акыйкатчы кеңсесинин “Укук кербени” долбоорунун алкагында Өзгөндө уюштурулган жыйынында динге байланышкан көйгөйлөр көтөрүлдү.

Омбудсмендин басма сөз кызматы билдиргендей, тургундар райондун аймагында мусулманчылык көз караштан улам кара чүмбөт кийген кыз-келиндер көбөйгөнүнө тынчсыздануу билдиришкен. Ошондой эле, үйлөнгөн жаштардан Жарандык абалдын актыларын каттоо органдарынын документин сурабай эле молдолор өз билемдик менен нике кыйып жатканын айтып, мыйзам аркылуу буга чек коюп берүүнү суранышты. Айрым ата-энелер мектепке жоолукчан барган кыздарга тыюу салган учурлар болгонуна арызданышкан.

Өзгөн райондук администрациясында өткөн жыйынды омбудсмендин орунбасары Альберт Колопов баштаган укук коргоочулар катышышты. Акыйкатчы кеңсесинин адистери “Укук кербени” долбоору аймактарда эл менен жолугуп, мекеме-ишканалардагы абал менен таанышып жүрүшөт.

Үйлөнгөн жубайлар алды менен мамлекеттик органдан каттоодон өтүшү, молдо ошол документтин негизинде диний нике кыйышы керектигин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы буга чейин эскерткен.

Кыргызстанда никеге туруунун расмий курагы - 18 жаш. Жашы жете электерге диний нике кыюуга тыюу салган мыйзам 2016-жылы кабыл алынган. Диний жөрөлгө менен 18 жашка толо электерге нике кыюуга жол берген тараптар үчүн кылмыш жоопкерчилиги киргизилет. Бул үчүн үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыраткан жаза чарасы каралган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG