Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:58

Навальный Сахаров сыйлыгын коррупция менен күрөшүүчүлөргө арнады


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Камактагы орус оппозициясынын лидери Алексей Навальный өзүнө ыйгарылган Сахаров сыйлыгын "дүйнө жүзүндөгү коррупция менен күрөшүүчүлөргө" арнай турганын соцтармактагы баракчасына жазды.

Ал "журналисттерден тартып адвокаттарга чейин, чиновниктерден депутаттарга чейин, ким коррупция менен күрөштү колдоо үчүн көчөгө чыкса - баарына туруктуулукту, кооптуу болгон учурда эрктүүлүктү каалайм" деп жазды.

Европарламент Сахаров атындагы сыйлыкты Алексей Навальныйга 20-октябрда ыйгарган.

Кремл көп өтпөй Европарламенттин бул чечимин сыйлабай турганын билдирди. Президент Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков 21-октябрда "Европарламенттин чечимдерин сыйлоого эч ким мажбурлай албайт", - деп билдирди.

Навальный жыл башында Германиядан дарылануудан келери менен камалган. Ал Кремлдин көрсөтмөсү менен ууландырылганын айтып келет. Москва бул дооматты четке кагып жүрөт. Евробиримдик Навальныйдын камалышына жана ууландырылышына байланыштуу орус аткаминерлерине санкция салган.

45 жаштагы Навальный мурда козголгон иш боюнча 2,5 жылга кесилген. Ал бул иштин саясий мүдөөсү бар экенин айтып келет.

Советтик физик, диссидент Андрей Сахаров атындагы сыйлыкка татыгандардын арасында Түштүк Африка республикасынын мурдагы президенти Нельсон Мандела жана кыздардын билим алуусу үчүн күрөшүп келген Малала Юсуфзай дагы бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG