Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:18

Абактагы келин курсактагы баласын жоготту


Гүлмира Асанбекова камалардан бир нече күн мурда "Азаттык" радиосуна келип, укугу бузулуп жатканын айтып кеткен.

Акыйкатчы институту "Кыргызстан коммерциялык банкынын" мурдагы кызматкери, учурда Бишкектеги №1 тергөө абагына которулган Гүлмира Асанбекованын абалына байланыштуу сотко кайрылды.

Гүлмира Асанбекова 28-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына Жазык кодексинин 205-беренесине (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) шектүү катары кармалган маалда кош бойлуу болгон.

14-октябрда анын ичиндеги беш жумалык түйүлдүк чарчап калганы аныкталып, ооруканада бир аптадай жатып, 20-октябрда Бишкектеги №1 тергөө абагына которулду.

Анын күйөөсү Бактияр Дуланов "Азаттык" радиосуна көптөн бери күткөн перзентинен айрылып калышканын, жубайынын абалы оор экенин, аны үй камагына чыгаруу аргасын издеп жатышканын айтты.

"Убактылуу кармоочу жайдын ичи суук, жылуулук жок, өтө нымдуу деп айтты. Келинчегим камакка алынганда боюнда бар экени расмий такталган. Беш апталык болуп калган. Тогуз жаштагы дагы бир кызыбыз бар. Бул баланы көптөн бери күтүп жүрдүк эле, эми айрылып калбадыкпы. Азыр келинчегимдин башы ооруп, невролог-дарыгерге көрүнүшү керек болуп жатат. Кызымдын жүрөгүндө кемтик бар. Энесин сагынып, куса болууда. Биз соттон үй камагына чыгарып коюшун өтүнгөнбүз. Качып деле кетпейт эле. Суракка улам барып турмакпыз, өтүнүчүбүзгө карабай, сот өкүм чыгарып салбадыбы...".

Дулановдун айтымында, өзү да жакында жүрөгүнөн операция болгон, үйүндө бала менен кыйналып жатат.

Гүлмира сурак учурунда сабалбаса да, психологиялык кысымга кабылганын күйөөсүнө бир нече жолу айткан.

"Түйүлдүк эмнеден өлгөнү эки айдан кийин билинет"

Асанбекованын ичинен өлүп калган түйүлдүктү тазалоо үчүн кароолдун коштоосунда Бишкек шаарындагы гинекологиялык ооруканага алып барышкан.

Түйүлдүктүн эмне себептен өспөй калганы азырынча беймаалым.

Аталган оорукананын башкы дарыгери Жылдыз Акматбекова акыркы бир жума ичинде камактагы эки аялдын боюнан түшкөнүн айтты.

"Боюнан түшкөн эки келиндин биринин ичин биз тазалагандан кийин эле дароо алып кетишти. Асанбекова 14-октябрдан тарта 20сына чейин бизде жатты. Бала ичинен өлүп калганы аныкталган атайын анализдер менен бизге келди. Биз ичин тазалап, бир нече күн дарыладык. Эмнеден улам түйүлдүк жашап кете албаганын атайын жүргүзгөн гистологиялык анализдерден кийин гана билсек болот. Ал үчүн эки айдай убакыт талап кылынат".

Гүлмира Асанбекова дарыгерлердин жардамын алгандан кийин 20-октябрда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу №1 тергөө абагына камалды. Дарыгер боюнан түшкөн аял жылуу, кургак жана гигиеналык талаптарга жооп бере турган шартта жашабаса тыңып кете албай, ден соолугу жабыркарын айтат.

Келиндин адвокаты Максат Акимбаев камактагы келиндин ичиндеги түйүлдүктүн эмне себептен өлгөнүн аныктоо үчүн Бишкек шаардык прокуратурасына арыз жазышканын кабарлады.

"Азыр Асанбекованын абалы кандай экенин билбейбиз, тергөө абагына жаңы которулду. Биз эмне себептен ичиндеги бала өлүп калганын изилдеп берүүсүн өтүнүп, Бишкек шаардык прокуратурасына арыз жаздык. Азырынча жооп келе элек".

Гүлмира Асанбекова "Кыргызстан" коммерциялык банкынан жоголгон 47 млн. сомго жооптуу катары айыпталууда. Ал буга чейин жоголгон ири каражатка банк жетекчилеринин басымы менен жоопкер болуп калганын айтып, укугун коргоп берүүнү суранып президентке кайрылган.

Бирок аталган банк жетекчилери мурдагы кызматкери койгон дооматтарды четке кагып, Асанбекова экономикалык зыян келтиргенин "Азаттыкка" айтышкан.


Ири суммадагы акча жоголгон учурда Гүлмира Асанбекова – “Кыргызстан коммерциялык банкынын” башкы кеңсесинде Кассаларды тейлөө бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары болуп иштеп турган. Ал камалардан бир нече күн мурда "Азаттык" радиосуна кайрылып, 2021-жылы 24-июлда банкта ички аудит, башкача айтканда текшерүү жүргүзүлүп, ири суммадагы акча жоголгону белгилүү болгонун айтып берген.

Жабык жайлардагы оор абал

Акыйкатчы институту акыркы бир ай ичинде өлкөдөгү жабык жайларды кыдырып, айрым район, облустардагы тергөө абактарында адам укугуна каршы учурларды аныктаган. Мындан тышкары тергөө учурунда, абакта жаткан маалда зомбулукка учураган кыз-келиндердин жакындарынан бир нече арыз келип түшкөн.

Аталган институттун аппарат жетекчиси Аскат Азарбековдун айтымында, өзгөчө аймактарда кылмышка шектүү айрым кыз-келиндер кош бойлуу же балалуу экенине карабай камакта болушу гумандуулукка каршы келет. Буга кошумча сот системасындагы аялдардын абалын оорлоткон айрым жагдайларга токтолду.

"Сот иштеринин созулушу да камактагылардын ден соолугуна, психикасына таасир этүүдө. Мындан сырткары алдамчылык же акчалай чыгым келтирүү сыяктуу беренелер менен соттолгондор жабык жайларда иштеп, акча таап, келтирилген чыгымды төлөп берүүгө, карызынан кутулууга шарт түзүүнү, ал эми иштеп жаткандар маянасын көтөрүүнү суранып жатат. Айрымдар соттук отурумдар онлайн уюштурулуп, өз укугун коргоо үчүн кенен убакыт берилишин айтышууда".

Буга чейин Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор Жалал-Абад, Талас облустарындагы убактылуу кармоочу жабык жайлардагы антисанитария, адам укугуна каршы шарттар тууралуу маалымат берип, тиешелүү органдарга кайрылуу жасаган.

Сентябрь айында Кыргызстандагы абак жайларда өз убагында медициналык жардам көрсөтүү начарлаганын белгилеп, №2 аялдардын түзөтүү колониясынын медсанитардык бөлүмүндө оор абалда жаткан эки аял тууралуу кабарлаган.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова айрыкча сотко чейинки тергөө учурунда кармалгандардын укугу өтө одоно бузуларын белгиледи.

Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова

"Мурдагы Жазык кодексин жазып жатканда мен да катышкан элем. Ошондо ага гумандуулук деген маселени киргизүүнү ойлонгонбуз. Ал боюнча кош бойлуу аялдар, эмчектеги баласы барлар, үйүндө кароосуз балдары барларга башкачараак мамиле болуш керек эле да. Бизде гумандуулук жок. Мына мен түштүк жактан эки-үч жабык жайды кыдырып келдим. Ал жакта ай-күнүнө жетип калган кош бойлуу аялдар отурат, кээ биринин колунда 5-6 айлык эмчектеги балдары бар. Ушундай жагдайларда бизде гумандуулук иштебей калып жатпайбы. Эмнегедир башка учурда гумандуулук принциби иштеп кетет".

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 11 түзөтүү мекемеси, алты тергөө изолятору, бир түрмө, 13 түзөтүү абагы, 50 аймактык жаза аткаруу инспекциясы бар. 2020-жылга карата жаза мөөнөтүн 9 миңден ашуун адам өтөп жатат. Алардын 500дөн ашууну аялдар.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG