Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

№1 абактагы аялдар Кыйноого каршы борбордон көмөк сурашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери Бишкектеги №1 тергөө абагындагы абал менен таанышып чыкты.

Абакта кармалып жаткан аялдар күнөөсү жеңилдеринин бөгөт чарасын күрөө, үй камагы же өлкөдөн чыкпоо тууралуу тилкат чарасына өзгөртүүгө көмөк сурашканын, арасында эки айлык ымыркайлуу келин бар экенин айтышканын "Азаттыкка" борбордун бөлүм башчысы Гүлбарчын Ормонбекова билдирди:

"Президентке жана парламентке арыз менен кайрылууга мүмкүнчүлүк болбой жатканын, өзгөчө абал киргизилгенден бери жактоочулары, үй-бүлөсү менен байланыш үзүлгөнүн, сотко катышчулар келе албагандыктан сот отурумдары 1-2 айга токтогонун, абактын бир кызматкеринен коронавирус табылгандыктан башкаларга да жайылуу коркунучу бардыгын айтышты. Көп аялдар сасык тумоолоп, дары-дармек жетишпей жатканын, иммунитети төмөндөгөнүн, камерада адамдар нык жайгашканын билдиришти".

Борбордун маалыматына караганда, абактын кызматкерлери жана камактагы сегиз адам коронавируска анализден өткөн, баарыныкы таза чыккан. Абактын жетекчилиги имараттардын ичи күнүнө эки жолу дезинфекцияланып, жумасына эки жолу камактагылардын дене табы тепловизор менен текшерилип жатканын айтып берди.

Борбор «Сапар Исаков, Сыргак Кенжебаев, Канат Сагымбаев жана Равшан Жээнбеков менен жолугушуу болду. Равшан Жээнбеков арыз жөнөтүү механизми жоктугунан улам эки айдан бери жазган каттары жөнөтүлбөй, цензурага кабылып жатканын айтты» деп билдирди.

Бишкектеги №1 тергөө абагында бүгүнкү күндө 1241 адам кармалууда, алардын 93ү аялдар.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция үчүн 15 жылга эркинен ажыратылган, ал эми Улуттук тарых музейиндеги коррупцияга байланыштуу соттук териштирүүсү уланып жатат.

Ишкер Сыргак Кенжебаев «ири өлчөмдөгү алдамчылык» боюнча шек саналып камалган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев жана саясатчы Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуялары үчүн айыпталууда.

Буга чейин №1 тергөө абагынын бир кызматкеринен коронавирус табылганы расмий айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG