Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

Шаардык сот Сыргак Кенжебаевди камакта калтырды


Сыргак Кенжебаев.
Сыргак Кенжебаев.

Бишкек шаардык соту ишкер Сыргак Кенжебаевди 20-февралга чейин камакта калтыруу боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Мындай чечимди 13-январда судья Ирина Воронцова чыгарганын «Азаттыкка» Кенжебаевдин жубайы Ширин Айтматова билдирди.

Сыргак Кенжебаев былтыр 19-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тарабынан Алматы аэропортунда кармалып, Кыргызстанга алып келинген.

УКМК ал «ири өлчөмдөгү алдамчылык» боюнча шек саналып жатканын, Кенжебаевге каршы кытайлык ишкер арыз жазып, 350 миң долларын алып бербей жатканын айтып арызданганын кабарлаган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кенжебаев дагы бир кылмыш иши боюнча шектүү экенин билдирген.

Ал кармалгандан кийин УКМКга камакка алынып кийин №1 тергөө абагына которулган. Атайын кызмат ишти иликтөөнү да ИИМге өткөрүп берди.

Кенжебаев - жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызы Ширин Айтматованын күйөөсү. Ширин Айтматова - Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. Ал «Үмүт 2020» кыймылын негиздеген. (BTo)

XS
SM
MD
LG