Линктер

жума, 16-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:40

Соттолгон аялдын баласы кыйналат


Абактагы аял. (Архивдик сүрөт)

Укук коргоочулар кылмышка шектелген кош бойлуу же жаш баласы бар аялдарга жазасын кийин өтөөгө уруксат берүү демилгесин көтөрүп келишет.

21 жаштагы Жазгүлдүн энеси ушул тапта Чүйдүн Степное айылындагы аялдар абагында жазасын өтөп жатат.

Үч балалуу аял эки жыл мурда шылуундукка айыпталып, алты жылга соттолгон. Инилерине караан болгон Жазгүл энеси бир күнү болбосо, бир күнү мунапыска илинет деген үмүт менен жашап келет.

- Апам жер тилкесин саткандар менен сатып алгандарга ортомчу болуп иштечү экен. Акчаны жакшы эле таап келчү, тамак-аш, кийимибизге жетиштүү жашадык. Башка үйгө көчтүк. Бирок апамдын акчаны кантип табарын билбептирмин. Эки жыл мурда бир канча адам “акчабызды бербей, алдап кетти” деп милицияга арыз жазыптыр.. Сотто апам “балдарымды багып жатпадымбы” деп ыйлады. Апам камалганда кичүү иним эмчектен жаңы чыккан. Аны карап, үйдүн түйшүгүн кошо тартып жатып окуума жакшы көңүл бурбай калдым. Туугандардын баарына уят болдук. Атам “үйгө аял керек экен” деп бат эле башкага үйлөнүп алды. Инилерим кичинекей болуп, үйдөгү маанайды жакшы түшүнүшкөн жок. Мен атама да, апама да аябай таарындым.

Жазгүлдүн энеси жазасын өтөп жаткан абакта ушу тапта 18 жаштан 75 жашка чейинки курактагы 400дөй аял отурат.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова мыйзамга ылайык оор кылмыш кылган аялдар жашы жете элек балдары бар экенине карабай соттолорун билдирди:

- Ушу тапта абакта төрөлгөндөн баштап үч жашка чейинки курактагы он бала энеси менен чогуу жашап жатат. Бир келин кош бойлуу. Жабык мекемеде балдар үч жашка чейин эле болот. Энесинен ажыратпай эмизип, баланын психологиясы бузулбасын деп чогуу кармайбыз. Эгер аялдын жакындары болсо баланы үч жаштан кийин алып кетет же балдар үйүнө өткөрүп беребиз, - деди Сабатарова.

Жаза аткаруу кызматынын өкүлү аялдарда мунапыска илинип, эркиндикке чыгуу мүмкүнчүлүгү жогору экенин белгилей кетти.

Ал эми юрист Лилия Жолдошбек кызы боюнда бар жана жаш балалуу аялдарга каралган мыйзамдагы жеңилдиктер текши колдонулбайт деп эсептейт. Ал буга өз тажрыйбасындагы иштерди мисалга тартты:

- Бир нече ишти айта алам. Жакында эле шаардык сот баласы кичинекей, боюнда да бар келинди камакка алууга чечим чыгарды. Ушул тапта туугандары менен бирге Жогорку сотко документтерди даярдап жатабыз. Ал келин алдамчылык беренеси менен соттолду. Кээде судьялар ушул эле берене менен камалгандарга жазасын кийин өтөөгө уруксат берет. Мен бир эле иш же берене боюнча соттордун ар кандай чечимдерине таң калам. Жеке пикиримде, айрым судьялар башын ооруткусу келбейт. Эгер жабырлануучу көбүрөөк арызданып же чырдаса, аны камакка алуу чечимин чыгарып коет.


Ошол эле учурда балдар менен иштеген адистер энесинен бөлүнгөн наристе психологиялык жактан кыйналарын белгилешет.

“Данакер” үй-бүлөнү бекемдөө борборунун жетекчиси Чынара Термечикова соттордун гумандуулук чечимине аялдан мурда анын баласы муктаж деп эсептейт:

- Энесинен ажыраган балада эмоционалдык муктаждык жаралат. Эне балага көңүл буруп, үч жашка чейин бирге болгону туура. Бала кичинекейинде түрмөдө жашап жатканын түшүнбөйт. Анын өнүгүүсүнө шарттарды эне камсыздашы керек. Ошондуктан балдарды эске алып, кылмышка шектүү аялга жазасын кийин өтөгөнгө мүмкүнчүлүк берилгени туура.

Буга чейин Акыйкатчы институту оор кылмышка шектелген аялдардын аракеттерин жарандык тартипте кароого болорун, мындай ыкма абактагы кыз-келиндердин санын азайтарын билдирген.

Соңку жылдары аялдар аралашкан оор кылмыштардын саны көбөйүп жатканы айтылып келет. 2010-жылы кылмыш кылган кыз-келиндердин саны 1,5 миңдин айланасында болсо, 2017- жылы 3 миңге чамалап барган. Жалпысынан кылмыш кылган аялдардын 15 пайызы соттолсо, анын беш пайызына мунапыс берилет.

"Азаттыктын" архиви: Абактагы аялдардын кыялы. 2017-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG