Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Баткенде чек арадагы жаңжалда жабыркагандардын көйгөйү талкууланды


"Интербилим" уюму өткөргөн тегерек үстөлүн катышуучулары.
"Интербилим" уюму өткөргөн тегерек үстөлүн катышуучулары.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркагандардын көйгөйлөрү толук чечилбей турат. Бул тууралуу 22-октябрда Баткенде уюштурулган тегерек үстөлдө айтылды.

Аны уюштурган “Интербилим” уюмунан кабарлашкандай, учурда тургундардын төмөнкүдөй чечилбеген маселелери бар:

  • Жаңы курулган үйлөрдүн сапаты;
  • Коопсуздук маселеси: электр энергиясынын тез-тез өчүшү;
  • Талап-тонолгон баалуу буюмдарга жана мал-жандыктар үчүн мамлекет тараптан берилчү кенемтенин кечиктирилиши;
  • Чечим кабыл алуу жараянында тургундардын катышуусун жана маалымат алуусун чектөө.

Жыйынга карапайым тургундар, укук коргоочулар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, көйгөйлөрдү ортого салышты.

Облустук жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан түзүлгөн мүлктү баалоо актыларына ылайык, зыян 782 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн.

Жабыркаган турак-жайларды калыбына келтирүү боюнча Кыргызстан Түркия менен эки тараптуу келишимге кол койгон. Макулдашуунун алкагында, Түркия жабыркаган жашоочулар үчүн Сип-панель курулуш материалынан 140 үй куруп берет.

Бүгүнкү күнгө чейин Лейлек районунда 98 тургун жаңы курулган үйлөргө көчүп кирди. Баткен районунда пландалган 40 үйдөн экөө гана курулган, 38 үй-бүлө туугандарынын жана кошуналарынын үйлөрүндө жашап жатат.

Жергиликтүү мамлекеттик каттоо жана Архитектура башкармалыгы тарабынан тургундардын инсандыгын жана жарандыгын тастыктоочу, укук белгилөөчү (кызыл китеп) документтери калыбына келтирилген жана жаңы курулган үйлөргө курулушка уруксат берүүчү кагаздары берилген.

Президент Садыр Жапаровдун августта Баткендеги иш-сапарында 140 үй-бүлө 100 миң сомдон алышкан.

Талкууга президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү, жергиликтүү бийликтегилер Министрлер кабинетинин ыйгарым укуктуу өкүлү, КР Акыйкатчысы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Быйыл апрелдин соңунда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу жаңжалда кыргыз тараптан 36 адам көз жумган, 140 үй-бүлөнүн турак-жайы өрттолүп, 250дөн ашуун үй-бүлө талап-тоноого туш болгон.

Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87си жарадар болгону расмий кабарланган. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгогон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG