Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:43

Кыргызстан Кумтөрдөгү башаламан таштанды боюнча сотко кайрылат


Кумтөрдө таштанды катары көмүлгөн автоунаалар табылган учур. Динара Кутманова тараткан сүрөттөрдүн бири.
Кумтөрдө таштанды катары көмүлгөн автоунаалар табылган учур. Динара Кутманова тараткан сүрөттөрдүн бири.

Кыргызстандын бийлиги Кумтөр кениндеги башаламан көмүлгөн таштандылар боюнча канадалык “Центерра Голд” компаниясына экологиялык санкция салып, алардын үстүнөн сотко кайрылууга даярданып жатат. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

“1995-жылдан 2015-жылга чейин таштандылардын баарын ар кайсы жерге көмө беришиптир. Анын арасында техникаларды, тагыраагы 25 автоунааны, көөмп салышыптыр. Азыр ошонун жарым-жартысын таптык. Калганын дагы издеп жатышат. Бул мыйзамга таптакыр туура келбейт. Ошону үчүн айыппул санкциясын коюшубуз керек, эсептелип бүткөндөн кийин калган процесс кетет”,-деди Кутманова.

Кумтөр кенинин ишин иликтеген мамлекеттик комиссия быйыл жазда "Центерра Голд" Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек деген бүтүм чыгарган. Натыйжада, 17-майда Жогорку Кеңеш “Кумтөр Голд” компаниясына убактылуу сырттан башкаруу киргизген. Ошондон бери өлкөдөгү эң ири алтын кенди кыргыз бийлиги өзү иштетип жатат.

Мамлекеттик комиссия койгон доодон сырткары Бишкектин Октябрь райондук соту "Центерра Голдду" Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

“Кумтөр Голд” ишканасына мурда ээлик кылган канадалык “Центерра Голд" компаниясы бул айыптоолорго макул болбой, кыргыз өкмөтүн Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко берген. Андагы соттук териштирүүлөр ушул тапта да уланууда.

28-30-сентябрда Швейцариянын Женева шаарында "Центерра Голд" компаниясынын жетекчилери менен Кыргызстандын делегациясы сүйлөшүү өткөрүп, анын биринчи раунду аяктаганын билдирген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG