Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:03

Актер Алек Болдуин иш учурунда операторду атып алды


Белгилүү Голливуд актеру Алек Болдуин.
Белгилүү Голливуд актеру Алек Болдуин.

Американын Нью-Мексико штатында «Раст» деген фильмди тартуу учурунда белгилүү актер Алек Болдуин мылтык менен операторду жана режиссерду атып алды.

Украин тектүү оператор Галина Хатчинс ооруканага жетпей көз жумду.

Ал эми кинорежиссер Жоэл Соуза жарадар болуп, ооруканага жеткирилди.

Болдуин жана башка фильмдин катышуучулары полицияга сурак беришти. Азырынча ага эч кандай айып тагыла элек. Азырынча окуя кокустан болгон-болбогонун териштирүү жүрүп жатат.

42 жаштагы Галина Хатчинстин сайтында Украинада төрөлүп, советтик аскердик базада чоңойгону жазылган. Ал Киев улуттук университетин бүтүрүп, Европада британ документалдык тасмаларын тарткан компанияда иликтөөчү журналист катары эмгектенген.

Кийин АКШда кинематография жаатында билим алып, оператор катары ийгиликтерди жарата баштаган.

Америка кинематографисттеринин гильдиясы Хатчинстин өлүмүн чоң жоготуу деп атады.

Бир катар абройлуу сыйлыктардын лауреаты, 63 жаштагы Болдуин фильмде баш каармандардын бирин ойногондон тышкары, анын продюсери да болчу.

Ал окуя тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG