Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:34

Кыргызстан Түрк кеңеши уюштурган медиа форумга катышууда


Медиа форум 24-октябрда жыйынтыкталат.
Медиа форум 24-октябрда жыйынтыкталат.

Түркиянын Стамбул шаарында бул күндөрү “Түптөлгөн тамыр, бекем келечек” эл аралык медиа форуму өтүүдө. 22-24-октябрда өтүп жаткан форум, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына караганда, Түрк дүйнөсүнүн эгемендигинин 30 жылдыгына арналып уюштурулду.

Анда Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) бүгүнкү күндөгү ролу, түрк тилдүү мамлекеттердин маалымат каражаттарынын интеграциялык байланышы, маалыматтык сабаттуулук жана дүйнө элдеринин ЖМКга ишеними сыяктуу бир катар маселелер талкууланууда.

Кыргызстандын делегациясын маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Илязбек Балташев жетектеп барды. Делегация курамында журналисттер, Бишкектеги жогорку окуу жайлардын журналистика жана коммуникация багытын окуткан мугалимдери, студенттери катышууда.

Иш-чараны Түрк кеңеши уюштурду. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгын тереңдетүү максатын көздөгөн бул уюм 2009-жылы негизделген. (RK)

XS
SM
MD
LG