Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:17

Быйыл Кыргызстан коронавируска каршы күрөшкө 3 миллиард сом сарптады


Президент Садыр Жапаровдун маалымат жыйыны. 2021-жылдын 23-октябры.
Президент Садыр Жапаровдун маалымат жыйыны. 2021-жылдын 23-октябры.

2021-жылы Кыргызстанда коронавируска каршы күрөш үчүн 3 миллиард сом сарпталды. Бул тууралуу 23-октябрда жылдык маалымат жыйынында президент Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, 1700 орунга эсептелген тогуз стационар даярдалды, жаңы мобилдик клиникалар жана дары-дармек сатылып алынды.

"Бүгүнкү күндө 900 эмдөө пункту ачылды, калктын 40% коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын, 30% эки дозасын тең алды. Вакцина 20 млн. долларга сатылып алынды", - деди Жапаров.

Маалымат жыйында көрсөтүлгөн слайд.
Маалымат жыйында көрсөтүлгөн слайд.

Бүгүнкү маалымат жыйынына 89 маалымат каражатынан 160тан ашык журналист катышууда. (BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG