Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:01

Президент бир жылда экономиканы өнүктүрүү үчүн жасалган иштерди айтты


Садыр Жапаров маалымат жыйынында. 23-октябрь, 2021-жыл. Бишкек.
Садыр Жапаров маалымат жыйынында. 23-октябрь, 2021-жыл. Бишкек.

Президент Садыр Жапаров “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында басма сөз жыйынын өткөрүүдө. Мамлекет башчысы экономиканы өнүктүрүү үчүн бир жыл ичинде төмөндөгү иштер жасалганын белгиледи.

Кепилдик фондун капиталдаштырууга – 2 млрд. сом, ишкерлерге кепилдикке – 1,1 млрд. сом, ишкерлерге насыя катары – 3,6 млрд. сом бөлүнгөн. 680 ишкер 1 млрд. сом жеңилдетилген насыя алган.

Маалымат жыйында көрсөтүлгөн слайд.
Маалымат жыйында көрсөтүлгөн слайд.

РСК жана "Айыл банктары" ишкерлерге 16,7 млрд. сом насыя берген. Дыйкан жана фермерлер 5,8 млрд. сом жеңилдетилген насыя алган.

353 жаңы ишкана ачылып, 42 776 жаңы жумуш орундары түзүлгөн.

Андан тышкары өзбек-кыргыз, Венгрия-Кыргызстан өнүктүрүү фонддору түзүлгөн.

Маалымат жыйында көрсөтүлгөн слайд.
Маалымат жыйында көрсөтүлгөн слайд.

Президент 2021-жылы республикалык бюждеттин киреше бөлүгү 2019-2020-жылдарга салыштырмалуу өскөнүн белгиледи.

2019-жылдын тогуз айында 97,8 млрд. сом, 2020-жылы 90,2 млрд. сом болсо 2021-жылы 129 млрд. сом киреше кирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG