Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:45

Президент тышкы саясаттын негизги багыттарын белгиледи


Садыр Жапаров маалымат жыйынында.
Садыр Жапаров маалымат жыйынында.

Кыргызстандын тышкы саясаты тууралуу баяндап жатып 23-октябрда маалымат жыйынында президент Садыр Жапаров “Кошуналар менен мамилени бекемдөө – тышкы саясатыбыздын маанилүү багыты” деп айтты.

Ал чектеш өлкөлөр жана башка тышкы өнөктөштөр менен мамиле тууралуу маалымат берди.

“Акыркы 4-5 жылда кошуна мамлекеттер менен кызматташтыгыбыз абдан салкындап кеткен. Кошуналар менен кылымдар бою чиелешип келген карым-катнашыбыз. Биз дайыма тең укуктуу диалогду жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты колдоп, талаш маселелерди сүйлөшүү жолу менен гана чечүүнү көздөйбүз”, - деди мамлекет башчысы.

Жапаров кошуна өлкөлөрдүн лидерлери менен жолугушуулар өткөрүлгөнүн, Казакстан жана Өзбекстан менен мамлекет аралык мамиле сапаттуу жаңы деңгээлге чыкканын, Орусия жана Түркия менен стратегиялык кызматташтык кыйла бекемделгенин, Кытай менен кызматташтык ырааттуу өнүгүп жатканын айтты жана коронавирус боюнча абал турукташканда бул өлкөгө сапар аларын, “бардык маселелерди сүйлөшүп, соода-экономикалык, инвестициялык кызматташууну алдыга жылдырарын” билдирди.

Маалымат жыйында көрсөтүлгөн слайд.
Маалымат жыйында көрсөтүлгөн слайд.

Президент Европадан Венгрия менен мамилени бекемдөө уланып жатканын, өткөн жылы Азия, Араб, Америка, Европа өлкөлөрү жана Европа Биримдиги менен кызматташуу жигердүү өнүккөнүн, жакынкы келечекте алардын кээ бирлерине баруу пландалганын кошумчалады:

“Атап айтканда, саясий диалогду илгерилетүү, демократия, адам укуктары, жарандык коом жана соода-инвестициялык кызматташууну активдештирүү үчүн Европага, Араб өлкөлөрүнө иш сапарлар пландалууда”.

Жапаров жалпысынан кызматташууга даяр өлкөлөрдүн баары үчүн Кыргызстан ачык жана даяр экенин белгиледи. (RK/BkA )

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG