Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 02:07

Бишкек аскер техникасын жаңырткысы келет


Зооттолгон аскердик унаалар.

21-октябрда президент Садыр Жапаров Чек ара кызматына зооттолгон 40 автоунаа тапшырып, кийинки жылы дагы жаңы аскердик техника сатып алынарын билдирди. Дубайдан сатып келинген аскердик техника толугу менен чек ара жаңжалы көп катталган Баткен облусуна жөнөтүлөрү айтылды. Бийлик өкүлдөрү мамлекеттин акчасына мынчалык көлөмдөгү ири аскердик техника биринчи жолу сатып алынганын билдирүүдө.

Президент Садыр Жапаров аскердик техниканы тапшырып жатып, Кыргызстан башка өлкөнүн аймагына кол салбай турганын, бирок өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө шек келсе, катаал жооп болорун билдирди.

“Бул жаңжалга даярдык эмес, биздин өлкөнүн коопсуздугун сактоого даярдык. 30 жыл ичинде биз эч качан, эч ким менен чыр-чатак баштаган эмеспиз, колубузда курал менен чет өлкөлүк аймактарды басып алган эмеспиз. Келечекте дагы мындай болбойт. Бирок, кокус биздин аймактарды басып алуу аракеттери болсо, анда жооп катаал болот”.

Чек ара кызматына тапшырылган “Тойота” үлгүсүндөгү чопкутталган 40 аскердик унаа Дубайдан келген.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтуусунда, чопкутталган аскердик автоунааларды сатып алуу үчүн мамлекеттин казынасынан 300 млн. сом бөлүнгөн.

Ташиев башка аскердик техникаларды сатып алууга буюртма берилгенин билдирип, Түркиядан "Байрактар", ал эми Орусиядан "Орлан-10" деп аталган учкучсуз учактардын келиши күтүлүп жатканын да айтты:

"Биз бул техникаларды мамлекеттик бюджеттен сатып алып жатабыз. Жакында Түркиядан "Байрактар" алып келинет, андай курал дүйнөдө беш эле мамлекетте болсо, анын бири биз болобуз. Орусиядан дагы "Орлан-10" деген аталыштагы учкучсуз учак сатып алдык. Аны башкаруучу адистерибиз да ошол жактан окутуп жатабыз. Мындан ары курал-жаракты өз акчабызга өзүбүз сатып алууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлдү. Президент тапшырма берди, биз аткарып жатабыз".

Асманга учкучсуз көтөрүлгөн Түркиянын "Байрактарынын" Сирияда жана Тоолуу Карабактагы чатактарда артыкчылыгы байкалган. ​

Буга чейин аны Азербайжан, Польша, Катар жана Украина сатып алганы айтылган. Ар башка мааалыматтарда бир “Байрактардын” баасы 5 миллион долларга чейин болушу ыктымал.

Түркия менен аскердик кызматташтык

Президент Садыр Жапаров ушул жылы 5-майда жаңы Конституцияга кол коюп жатып, аскер доктринасын кайра кароо жана армияны реформалоо демилгесин көтөргөн.

Президенттин Орусияга жасаган сапары учурунда Кыргызстан Орусиядан учкучсуз учактарды жана С-300 үлгүсүндөгү зениттик ракеталык комплексти алары белгилүү болгон.

Кийин Түркияга барганда аскердик кызматташтыкты жандантуу маселеси көтөрүлүп, Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Анкара аскердик жардам көрсөтөрүн билдирген. Бирок Анкара аскердик тармакта кандай жардам көрсөтө турганы айтылган эмес.

Президент 21-октябрда сүйлөп жатып Чек ара кызматынын гана эмес, Коргоо министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин дагы материалдык-техникалык базасы жакшыртыларын кошумчалады. Куралдуу күчтөрдүн техникасына инвентаризация жүргүзүлүп, жарактан чыккан техникалардын баары келерки жазда жаңыртылары айтылды.

Коргоо министринин мурдагы биринчи орун басары Мурат Бейшенов бийликтин аскер техникасын сатып алганы тууралуу буларды айтты:

“Мен ар дайым бийликти куралдуу күчтөрүн карабайт деп сындап келгем. Президент чопкутталган жаңы техника сатып алганга абдан кубанып турам. 30 жылдан бери өз акчабызга бир ок сатып алган эмеспиз, алкыш гана айтам. Түркиянын "Байрактарын" дагы сатып алган жатыптыр. Бул абдан маанилүү, анткени учкучсуз учактар ондогон танктын же башка куралдын ордун басат”.

Чопкутталган аскердик унаалар толугу менен Баткен облусуна жөнөтүлөт. Ушул жылы жазында Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында эки тараптан тең адам өлүмүнө алып келген куралдуу жаңжал чыккан. Бул окуялардан кийин Кыргызстандын аскерлеринин даярдыгы бир топ суроо жараткан эле.

Президент келерки жылы чек арачылардын маянасын жогорулатуу пландалып жатканын дагы билдирди.

Мурдагы коргоо министри Абибилла Кудайбердиев Кыргызстан келишим менен кызмат өтөгөн, мобилдүү Куралдүү күч түзүш керек деп эсептейт.

“Кыргызстандык куралдуу күчтөр мобилдүү, ыкчам болуш керек. Бул үчүн кадр маселеси өтө курч турат. Жоокерлер бир жыл кызмат кылат. Бул убакытта көп нерсени үйрөтсө болот, бирок кетип калат да. Ошондуктан бара-бара контрактык армияга өтүшүбүз зарыл. Ал үчүн каржы маселеси кыйнап жатат. Мисалы 2010-жылы 50-60% контрактык армияга өткөнбүз. Бирок каржы маселесинен улам эки жылдан кийин андан баш тартканга аргасыз болдук”.

"Аскердик сыр сакталыш керек"

Ал тапта сатылып алынган аскердик техникалардын даңазаланышын сындагандар да бар. Саясат талдоочу Турат Акимов аскердик техникаларды жарыялоо шайлоо астындагы кадам деп эсептейт.

“Шайлоонун астындагы пиар болуп жатат. Мындай иштерди тымызын өткөрүш керек. Кандай куралыбыз бар эч ким билбеш керек да. Ар бир жолу сатып алган аскер техникабызды көргөзүп мактана беребизби?"

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында маал-маалы менен чек ара чатагы чыгып, кез-кезде куралдуу жаңжалга айланып кеткен учурлар катталып келет.

Жамааттык кызматташтык келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө эки өлкө жазындагы чек ара жаңжалына чейин да, кийин да чек арага жакын аймакта аскердик окууларды өткөргөн.

Кыргызстан куралдуу күчтөрүн бекемдөө аракетин көрүп жатса, Ооганстандагы абалдан улам дүйнө коомчулугу көңүл буруп жаткан Тажикстан өз күчү жана чет мамлекеттердин колдоосу менен дагы куралдуу күчтөрүн бекемдөөнүн үстүндө.

Саясий серепчи Марс Сариев Борбор Азия мамлекеттери жарыша куралдануунун ордуна, дипломатиялык мамилени өнүктүрүп, жалпы коркунучтарга чогуу аракет көрсө туура болмок деген ойдо:

"Чеховдун “эгер пьесанын башында мылтык илинип турса, ал сөзсүз атылат” деген сөзү бар. Азыр Тажикстан менен мамилебиз жакшы эмес. Эки өлкө бири-бирине эмес, Ооганстанга көңүл буруш керек болуп турат. Анткени негизги коркунуч ошол тараптан. Кыргызстан менен Тажикстан мамилесин оңдоп Ооганстандагы абалды жөнгө салганга, ири долбоорлорго катышканга аракет кылыш керек. Эгер Ооганстан жарылса, ага кошуп кыргыз-тажик чек арасында жаңжалдар чыгып турса, жалпы региондун жарылуусуна алып келет. Бул жакта Шинжаң турат, ары жакта Кашмир бар”.

Кыргызстандын армиясынын саны 11 миңди түзүп, анын аскердик бюджети жыл сайын 20 млн. доллардын айланасында экени белгиленген.

Эл аралык Global Firepower басылмасынын 2021-жылдын 3-мартында чыгарган жыйынтыгына ылайык, аскер кубаттуулугунун рейтинги боюнча 140 өлкөнүн арасында Кыргызстан 93-орунду ээлейт.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG