Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

Тажик абагындагы студент бошотула элек


Айдарбек Хайдаров.
Айдарбек Хайдаров.

Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Максат айылынын тургуну, студент Айдарбек Хайдаровдун Тажикстандын абагында жатканына бир айга чукулдап калды. Кыргыз бийлигинин аны мекенине кайтаруу аракеттеринен майнап чыкпай келет. Айдарбекке Тажикстанда мамлекеттик жактоочу берилген, бирок бул айыпталуучунун жагдайын жеңилдеткен эмес.

24 жаштагы Айдарбек Хайдаров Кыргызстандын эң четки, кыргыз тажик чек арасындагы Максат айылынан болот, кыргыз жараны. Ушул жылдын 21-октябрь күнү кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Сада айылындагы чоң атасын көрүүгө барган учурда тажик күч кызматкерлери тарабынан кармалган. Расмий маалыматтарда ал Тажикстандын аймагындагы Пахтаабад айылынан кармалганы жана “мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн” деген айып тагылганы айтылат. Бул тууралуу анын атасы Умарбай Хайдаров буларга токтолду.

Умарбай Хайдаров
Умарбай Хайдаров

“Ата-энемдин кароосу жок болгондуктан, уулумду аларга берген болчумун. Аларга жардам берип, Кыргызстанга алып келип, дарыгерлерге алып барып көрсөтүп турчу. Ак-Арык айылына үй куруп жатат. Нары-бери эркин эле өтүп жүргөн. Мал карап жүргөн жеринен эле кармап кетишкен. Уулума чек араны бузду деген айып тагып атышат”, - деди атасы.

Айдарбекке Тажикстанда мамлекеттик жактоочу берилген. Ага сураган акчасын төлөп жатышат.

“Адвокат 5000 сомони алган эле. Бир жумадан кийин “сотко берем” деп дагы 2000 сомони сураптыр. “Мен өзүм албайм, сотко берем” деп чала бергенден улам бергенбиз. Атам инсульт болгондуктан, жардам берем деп убада берген”, - деди Умарбай Хайдаров.

Ал Тажикстанга барып уулунан кабар ала албайт. Кыргыз жараны болгондуктан аны киргизишпейт. 3-ноябрь күнү чоң энеси Коженттеги абакка барып Айдарбекке жолугуп келген. Айдарбек абалы дурус экенин, кыйноого кабылбаганын айткан. Иши тергелип бүтүп, сотко өткөн. Соттук кароо качан болору белгисиз.

Расмий органдардын аракетинен майнап чыга элек

Расмий органдар Айдарбек Хайдаров жана башка тажик абактарында жаткан кыргызстандыктар боюнча иш-аракеттерди жүргүзүп жатышканын билдирип келишет. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаевдин айтымында, Айдарбекти кайтарып алуу боюнча эки өлкөнүн облус жетекчилери жана укук коргоо органдары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Бирок, сүйлөшүүлөрдөн азырынча майнап чыга элек.

Маруфхан Тулаев
Маруфхан Тулаев

“Сүйлөшүүлөрдөн азырынча майнап чыга элек. Тажикстанда кармалып тургандарды кайтарып алуу боюнча облус жетекчилеринин деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Күч түзүмдөрү да бири-бири менен сүйлөшүп жатышат. Бирок, жыйынтык жок, акыркы күндөрү бизди канааттандырган жоопту ала элекпиз”.

Ал эми Умарбай Хайдаров уулун тажик органдары Кыргызстанда кармалып турган өз жарандарына алмашуу жолу менен берүү ниетин билдиришкенин айтат.

Студент, спортсмен, чоң ата, чоң энесинин таянычы

Айдарбек Хайдаров үй-бүлөдө 5 бир туугандын улуусу. Ал Кыргызстанда туулганы менен Сада айылындагы чоң атасынын колунда чоңойуп, мектепти да ошол жакта окуп бүтүргөн. Бул айылды Тажикстан расмий Пахтаабад деп айтат. Чек аралаш аймактагы бул айыл Тажикстандын карамагында.

Айдарбек жашы жеткенде Кыргызстандын Ак-Арык айылынан жер тилкесин алып, үй куруп жаткан. Сада айылында карыган чоң ата, чоң энеси жалгыз кол турушат. Жетимишке таяп калган чоң атасы инсульт алган, аларга бат-баттан барып кабар алып, үй тирилигине жардамдашып турчу. Апрелдеги жаңжалга чейин аларга барып келүүдө эч кандай тоскоолдуктар болгон эмес. Бул тууралуу Умарбай Хайдаров мындай дейт:

“Уулум үй-бүлөдө эң улуусу. Чоң ата, чоң энесинин колунда чоңойгон. Биз алты бир тууганбыз – төрт уул, эки кыз. Эки кыз Бишкекте, уулдар баарыбыз тең Максат, Кулунду, Ак-Арык айылдарында турабыз. Ата-энем жалгыз калгандыктан мен уулумду бергем. Азыр эми алар суукта меш кура албай отурушат. Атайын кызматын “амият” деп коюшат экен, кыргыз үйлөрүн аңдып эле турушат”.

Айдарбек Хайдаров туугандары менен.
Айдарбек Хайдаров туугандары менен.

Айдарбек студент, Сүлүктү шаарындагы жогорку окуу жайда 3-курста окуйт. Спортко жакын өскөн жигит дене тарбия мугалимдигин тандаган. Атасынын айтымында, аймактагы күрөш мелдештерине катышып, байгелүү орундарды алып жүргөн.

“Уулум спорт менен машыккан, жоош бала. Күрөшкө катышып жүрөт. Эгемендик күнү Исфана шаарындагы мелдеште 3-орунду алды. Баткенге барып да күрөшүп келет”.

Азимбай Хайдаров иниси Айдарбекти айылдагы карапайым турмушта жашаган, чал-кемпирди караган таянычы катары мүнөздөйт. Ал карыган, оорукчан чоң атасын карап, тирилигин жүргүзүп турчу дейт агасы.

“Айдарбек менин агамдын баласы болот. Эки-үч айлыгынан чоң ата, чоң энеси багып алышкан. Ошолордун колунда чоңоюп, Тажикстанда окуду. Атам 1952-жылы туулган. Тажикстанда 30 жыл бухгалтер болуп иштеп, кийин инсульт алган. Бир капиалы иштебей, эшикке өз алдынча чыга албай калган. Ошолордон кабар алайын деп барып, кармалып калган. Бизнеси деле жок. Чал-кемпирдин колунда жашайт. Мал карайт, дыйканчылык кылат. Үйү деле бүтө элек, бирөөлөрдүн батиринде жүрчү. Эч кимге зыяны жок, жаш бала болчу. Бишкекте окуду, практикага келип, бул жерде бир аз иштеди. Азыр Сүлүктүдө дагы окуп жатат”.

Жай тургундар жабыр тартууда

Коңшу эки өлкөнүн ортосундагы мамиле ушул жылдын апрель айындагы окуядан кийин кескин сууп кеткен. Тымызын тиреш 28-апрелдеги ачык кагылышууга алып келип, куралдуу жаңжал 3 күнгө созулган. Жаңжалдын айынан 36 кыргыз жараны курман болуп, 140 административдик жана турак жайлар талкаланып өрттөлгөн, 58 миң тургун аймактан качып чыгууга аргасыз болушкан.

Ал эми Тажикстан тараптан 19 адам курман болуп, 87 жаран жабыр тарткан. Зыян тарткан имараттар жана мүлктөр тууралуу так маалымат жок.

Эки өлкөнүн сууган мамилеси андан кийин да бири-бирине кыр көрсөтүү менен уланып келет. Чек араларды жабуу, атайын кызматтар тарабынан бири-биринин жарандарын кармап кетүү, кылмыш жоопкерчилигине тартуу сыяктуу иш-аракеттер токтой элек.

Облус жетекчисинин орун басары Маруфхан Тулаев учурда жалпысынан сегиз кыргыз жараны тажик абактарында кармалып турганын айтат. Алардын баары тең чек арадан мыйзамсыз өтүү кинеси менен кармалышкан. Бирок, алардын бир тобу кыргыз жарандыгын алышканы менен Тажикстанда туруктуу жашаган тургундар болчу.

Ал эми Кыргызстандын абактарында төрт тажик жараны кармалууда. Алардын экөөсүн сентябрь айында райондук сот өмүр бою абакка кескен. Маруфхан Тулаевдин айтымында, дагы экөө боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

“Учурда Тажикстандын Урунова жана Шарипова деген эки жараны аткезчилик, чек арадан мыйзамсыз өтүү боюнча кармалган. Булар боюнча жакынкы күндөрү чечим чыгат. Ал эми эки жаран боюнча соттун өкүмү чыккан”.

Мындан тышкары, Кыргызстан менен Тажикстан бири-биринин Орусиядагы жарандарын да суроо-талап менен карматып келет. Тажик күч органдарынын өтүнүчү менен Орусияда Эсен Мажитов аттуу кыргыз жараны кармалып, кийин үй камагына чыгарылган. Ал эми ошол эле Орусияда Бишкектин өтүнүчү менен төрт тажик жараны кармалып, айрымдары кайра коё берилген. Булардын баарына чек ара аймактарында массалык башаламандыкты уюштурууга катышы бар деген шек менен кылмыш иши козголгон.

12-ноябрда Максат айылынын тургундары өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты. Алар чек ара көйгөйү чечилбей, создуктурулуп жатканына нааразы болушууда. Ошону менен катар, тажик атайын кызматтары кармап кеткен кыргыз жарандарын кайтарып келүүнү тездетүүнү өтүнүштү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG