Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:27

Чек ара тактоо кечиккен сайын чыр чыгууда


Чек ара. Иллюстрациялык сүрөт.
Чек ара. Иллюстрациялык сүрөт.

Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы транзит жолдо катталган окуя боюнча териштирүү жүргүзүлөрүн 6-ноябрда билдирди. Эки күн мурда Баткенде, Тажикстандын Ганч айылы менен чектеш тилкеде тажикстандык аскерлер кыргызстандык чек арачынын машинесине таш ыргытышкан.

Кайрадан таш ыргытуу

Чек ара кызматынын Жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн улук офицери Асылкерим Абдиев билдиргендей, окуя 4-ноябрда Лейлек районунда, Арка-Борбордук автожолунун транзиттик тилкесинде, "Бостон" май куюучу бекеттин жанында болгон:

"Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын аскер кызматкери өзүнө тиешелүү “Хонда аккорд” үлгүсүндөгү автоунаасында ал жерден артка кайрылып жаткан. Ошол учурда Тажикстандын беш аскер кызматкери автоунааны ташбаранга алышкан жана кыргызстандык чек ара кызматкерин кармап алуу аракетин көрүшкөн. Чек ара кызматкери жабыркаган эмес, бирок анын машинесинин айнектери сынып, зыян келтирилди. Бул факт боюнча териштирүү жүргүзүлөт. Кыргызстандын Лейлек жана Тажикстандын Ганч багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусун өткөрүү пландалууда”.

Тажикстандын расмий органдары окуя тууралуу маалымат бере элек.

Чек ара сызыгы толук такталып бүтө элек болгондуктан бул аймакта түрдүү чыр-чатактар токтобой келет. Быйыл жазында Баткен жана Лейлек райондорунда куралдуу кагылышта Кыргызстандан 36, Тажикстандан 19 адам набыт болгон. Эки өлкө бул үчүн бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон. Кыргызстан чек арасын бир тараптуу жаап койгон.

4-ноябрдагы окуя Кыргызстан чек арадан кирип-чыгуу тартибин кайра жеңилдетип баштаган жана өкмөт жетекчилери ортосунда кызматташтык тууралуу сүйлөшүү жүргүзүлгөн учурга туш келип олтурат.

Тажикстандын премьер-министринин орун басары Усмонали Усмонзода аймактык экономикалык форумга катышуу үчүн 5-ноябрда Бишкекке келип кетти. Аны менен жолуккан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров гидроэнергетика жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, чек арадагы эки элдин ишеним мамилесин бекемдөө жана чыңалууга жол бербөө тууралуу сүйлөшкөнүн өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Баткенде чек ара маселелерин иликтеп жүргөн Хаитали Айкыновдун пикиринде, ортодогу мамлекеттик чек ара тилкеси так болмоюнча түрдүү чыр-чатактар мамилени өнүктүрүүгө да, элдин коопсуздугуна да терс таасирин тийгизе берет:

"Студенттерди, этникалык кыргыздарды чек арадан өткөрүү тууралуу чечим, тажик премьер-министринин орун басары Бишкекке келгени май айынан берки аралыктагы жакшы нерсе. Бирок чек арада жашагандар ушул күнгө чейин толук коопсуз жашоо көрө албай жатканы, күйүп кеткен үйлөрүнүн ордуна бардык шарты бар үй куруп берген учурда да ал жерде коркпостон жашоо мүмкүн эместигин айткандар бар. Алар андан көрө чек араны тактап, казык кагып берсеңер тынчыраак жашайт элек дешет”.

Быйылкы жазында болгон чатактан соң июндун аягында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров иш сапар менен Дүйшөмбү шаарына барып, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолуккан. Жапаров кийин Тажикстанда өткөн ЖККУ жана ШКУ саммиттерине катышып, коңшу өлкөнүн лидери менен анда да кездешкен. Жогорку деңгээлдеги бул жолугушуулардан кийин тараптардын ымаласы бир сыйра жумшаргандай болгон.

Бирок андан бери аймакта чыңалган кырдаал толук жакшырган жок. Жарандарга, кыргыз чек арачыларына карата бир нече жолу ок атылды, таш ыргытылды. Ошол эле “Башкы” тилкесине коңшу өлкө камера орнотууга барып, ал маселе бир сыйра талаш жаратты. Мындай окуялар улам кайталанууда.

Коопсуздук дале башкы маселе

Чектеш айылдарда жашагандар арасында кооптонуу дале бар экенин быйыл жазындагы окуядан кийинки калыбына келтирүү иштерине мониторинг жүргүзгөн топтун мүчөсү, "Интербилим" эл аралык борборунун Оштогу жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева да белгиледи:

"Көк-Терек айылында 18ге жакын үй-бүлө көчүп келе элек. Ал биздин Тажикстандагы анклав. Барып жашагандан коркуп жатышат. Үйлөрү бүткөн, бирок от жакса да жакшы ысыбай жатыптыр, себеби дайыма жагып туруш керек. Кооптуу болгондуктан келип, кайра кетип калышат экен”.

Жергиликтүү бийлик Баткенде чек ара тилкесинде абал туруктуу экенин билдирди. Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев буларга токтолду.

“Баткен облусундагы абалды бүгүнкү күндө жалпысынан туруктуу деп санайбыз. Күч органдары, Чек ара кызматы күнүмдүк кызматын аткарып жатышат. Эл өзүнүн тиричилиги менен алек. Азыркы негизги маселе – элди көмүр менен камсыз кылуу. Ортомчулар көмүрдүн баасын жогорулатып жиберген эле, биз Сүлүктүдөгү шахталарга барып, арзандатуу маселесин койгонбуз, азыр ушу боюнча иш жүрүп жатат. Ал эми жазында жабыркаган 140 үй бүткөн. Баары үйлөрүнө кирген, шарттары менен. Баткен облусунда кырдаал жалпысынан тынч”.

Жазындагы окуядан кийин эки өлкөнүн милиция кызматкерлери биргелешип күзөт жүргүзүп турмай болушкан. Баткен облустук милициясы бул иш планга ылайык уланып жатканын билдирди.

Талаш тилкелерди тактоо кечеңдөөдө

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча эксперттик топ орток пикирге келген соң сүйлөшүү өкмөт аралык макулдашууга чыгарыларат. Бул тууралуу жакында "Азаттыктын" эфиринде президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев билдирген.

Анын айтымында, чек ара боюнча эки топ ай сайын эки ирет жолугуп жатат, бардык мекемелер өз ара иштерди алып барууда:

"Тажикстан менен саясий диалог уланып жатат. Эки жумушчу топ бар. Алар ай сайын эки ирет жолугуп, акырындап тактап жатат. Алар дагы өз позициясында катуу турушууда. Биздин эл дагы согуш болгон жерден көрдү. Майып болгондор бар, каза болгондор болду. Биз бул баракты жаап, жаңы барактан баштайлы, бирок эки өлкө ортосундагы кызыкчылыктар бирдей болсун деп жатабыз. Эки тарап тең уттурбасын".

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы такталган, калганы тактала элек.

Эки өлкөнүн президенттеринин кездешүүлөрүндө 32 чакырым жер тилкеси боюнча эки тарап макулдашууга келгенин тажик мамлекет башчысы айткан. Июлдун аягында тараптардын топографиялык топтору дагы 40 чакырымдай жер боюнча документке кол коюшкан. Андан бери канча чакырым боюнча сүйлөшүү болгону белгисиз.

Президент Садыр Жапаров Тажикстан менен чек араны тактоо иши жүрүп жатканын 23-октябрда маалымат жыйынында дагы билдирди. Анын айтуусунда, Тажикстан менен талаштуу үч маселе болууда:

“Мен чек араны бүгүн кол коюп чечкенге даярмын. Бирок ал бизден көз каранды болбой жатат. Чек ара маселеси оюнчук эмес экен. Ооба, апрель айында Тажикстан менен кагылышууда 36 жараныбыз өлдү. Бул 30 жылдан бери чечилбей келе жаткан маселе. Өзбекстан менен чек арабызды тактап алып анан Тажикстанга өтөлү дегенбиз. Ал жерде үч талаштуу маселе бар. Бирөө - Төрт-Көчө деген жердеги 275 метр жер, экинчиси - Ворухка кеткен жол. Үчүнчүсү - Баткен менен Лейлек районунда талаш жер бар".

Жапаров Тажикстан менен чек ара маселесин чечүүдө көйгөй жаратып жаткан Төрт-Көчө тилкеси боюнча Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Адахан Мадумаров кол койгон протокол чоң тоскоол болуп жатканын айткан. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Мадумаров шайлоочулар менен жолугушууларында бул айыпты төгүндөп, “протокол юридикалык күчкө ээ эмес экенин, бийлик өзүнүн алсыздыгын ага төңкөрүп жатканын” билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG