Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:44

Чек ара кызматы: Тажик жоокерлери кыргыз аскеринин автоунаасын таш менен урган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандык аскер кызматкеринин автоунаасына кыргыз-тажик чек арасында кошуна өлкөнүн жоокерлери таш ыргытып, өзүн кармаганга аракет кылышты. Окуя 4-ноябрда болгонун "Азаттык" радиосуна Мамлекеттик чек ара кызматынан 6-ноябрда билдиришти.

Лейлек районундагы Арка-Борбордук транзиттик жолунун Бостон май куюучу жайынын маңдайындагы тилкеде чек арачы өзүнүн "Honda Accord" үлгүсүндөгү машинеси менен бурулуп жатканда Тажикстандын беш жоокери аны таш менен ургулашкан.

Аскер кызматкери жабыркаган эмес, бирок анын автоунаасынын айнектери сынган.

Бул факты боюнча териштирүү жүргүзүү үчүн эки өлкөнүн чек кызматынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу пландалууда.

Окуя тууралуу Тажикстан тарап азырынча комментарий бере элек.

Быйыл апрелдин соңунда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объекттер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан.

Тажикстан 19 жараны көз жумганын билдирген. Эки өлкө тең бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Жаңжалдар негизинен такталбаган тилкелердин айынан болот. Учурда кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр бир айда эки жолу өтүп жатат. Эксперттик топ орток пикирге келген соң сүйлөшүү өкмөт аралык макулдашууга чыгарыларын президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG