Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:47

Португалиянын парламенти эвтаназияга уруксат берген мыйзамды кайра кабыл алды


Иллюстрация
Иллюстрация

Португалиянын парламенти эвтаназияны легалдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун экинчи жолу кабыл алды. Документти депутаттар жыл башында эле кабыл алган, кийин ага республиканын Конституциялык соту бөгөт койгон.

Мыйзам долбоорун 138 депутат колдоп, 84ү каршы, бешөө калыс добуш берди.

Текстке "медициналык жардам көрсөтүү аркылуу өлүм", "медициналык жардам көрсөтүү менен өзүн-өзү өлтүрүү", "эвтаназия", "оор же айыккыс оору", "туруктуу же өтө оор травма", "азап" деген түшүнүктөрдү тактаган берене кошулду. Эми документ кайрадан президенттин кароосуна коюлат.

Португалиянын парламенти эвтаназияны 2021-жылдын январында мыйзамдаштырууга добуш берген. Бирок өлкөнүн президенти Марсело Ребело ди Соса мыйзамга кол коюудан баш тартып, Конституциялык сотко кайрылган.

Сот мыйзам долбоорунда "медициналык жардам көрсөтүү менен өлүмдү кылмыштуулуктан ажыратуу боюнча талаптарды аныктоодо өтө бүдөмүк түшүнүктөр колдонулат" деп эскерткен.

Эвтаназия Бельгия, Испания, Люксембург, Нидерланд, Канада жана Колумбияда, Австралия менен АКШнын кээ бир штаттарында мыйзамдаштырылган.

Эвтаназия – оорудан азап чеккен бейтаптын өзүнүн суранычы менен жанын кыюуга жардам берүү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG