Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр бир айда эки жолу өтүп жатканы айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча эксперттик топ орток пикирге келген соң сүйлөшүү өкмөт аралык макулдашууга чыгарылат.

Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" берүүсүндө билдирди. Анын айтымында, чек ара боюнча эки топ, ай сайын эки ирээт жолугуп жатат. Мындан сырткары чек арага байланыштуу бардык мекемелер өз ара иштерди алып барууда.

"Тажикстан менен саясий диалог уланып жатат. Эки жумушчу топ бар. Алар ай сайын эки ирээт жолугуп, акырындап тактап жатат. Алар дагы өз позициясында катуу болуп жатат. Биздин эл дагы согуш болгон жерден көрдү. Майып болгондор бар, каза болгондор болду. Биз бул баракты жаап, жаңы барактан баштайлы, бирок эки өлкө ортосундагы кызыкчылыктар бирдей болсун деп жатабыз. Эки тарап тең уттурбасын. Ошондуктан эки тараптан эксперттер сүйлөшсүн, бир пикир тапкандан кийин өкмөт аралык макулдашууга чыгалы деп жогорку жактан макулдашты. Азыр сүйлөшүү жүрүп жатат. Губернаторлор дагы өз деңгээлинде иштеп, элди аралаштырууда. Ал сөзсүз керек. Бишкекте, Дүйшөмбүдө отуруп алып биз аларды байкабай жатабыз да. Жергиликтүү эл ошол жерде көрүп жатат. Мамлекеттин, өкмөттүн милдети - элге ыңгайлуу шарт түзүп берүү. Ошондуктан бардык чек арага байланыштуу органдар активдүү жана тыгыз иштеп жатат. Биз жылышты күтүп жатабыз", - деди Кулубаев.

Быйыл кыргыз-тажик чек арасында чыккан куралдуу жаңжалдан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу толугу менен жапкан. Президент Садыр Жапаров 23-октябрдагы жылдык маалымат жыйынында чек ара толук такталмайынча ачылбай турганын билдирген. Анда чек ара маселесин чечүүдө негизги төрт көйгөй бар экенин белгилеп, Тажикстандын Баткен жана Лейлек райондорундагы айрым жерлер боюнча позициясын Кыргызстан эч качан кабыл албай турганын билдирген.

Андан кийин Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык иш топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, эки тараптын мурда жетишилген макулдашуусуна ылайык, жолугушуу 5-9-октябрда Кыргызстандын Исфана шаарында уюштурулду.

Баткенде 28-30-апрелден 1-майга чейин созулган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объекттер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан.

Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө тең бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгошкон. (KE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG