Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

Бишкекте көчөлөрдү 37 машина тазалап жатат


Бишкектеги биринчи кар. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги биринчи кар. Иллюстрациялык сүрөт.

4-ноябрга караган түндө жааган кардан борбор калаанын көчөлөрүн тазалоо үчүн "Тазалык" ишканасынын 37 машинасы иштеп жатат. Анын ичинен 28и кар тазалоочу атайын техника, алардан тышкары жолго кум-туз чачуучу тракторлор иштөөдө. Таң атканча жалпы 354 тонна туз себилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясы маалымдады.

"Тазалык" жана "Бишкекзеленхоз" ишканаларынын 657 кызматкери көчөлөрдү кардан тазалоого тартылган.

3-4-ноябрда жааган кардан көчөлөр тазаланбаганына нааразылыктар соцтармактарга жарыяланган.

Синоптиктер 4-5-ноябрда аба ырайы кескин өзгөрүп, күн сууктап, натыйжада кар жаашы күтүлүп жатканын маалымдаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2-ноябрь күнү атайын телефонограмма аркылуу Жарандык коргонуу кызматтарына, облустук жана шаардык бийлик ээлерине жеткирилгенин, ал эми калкка СМС билдирүүлөр аркылуу маалымат жиберилгенин кабарлоодо.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG