Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:20

Сибирде беларустук Ан-12 учагы кулаганы маалымдалды


Иркутсктун жанына кулаган учак. 3-ноябрь, 2021-жыл
Иркутсктун жанына кулаган учак. 3-ноябрь, 2021-жыл

Орусиянын Иркутск шаарынын жанында Ан-12 учагы кырсыкка учурады. Бул тууралуу Сибирдин авиациялык куткаруу борбору билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, бортто жети киши болгон.

ТАСС агенттигинин чукул кызматтагы булагы учак Якутскиден Иркутск шаарына баратканда радарлардан жоголгонун, аэропортко жакын жердеги Пивовриха айылы жакка кулаганын айтып берди.

Беларустун “Гродно” авиакомпаниясына таандык Ан-12 учагы жүк ташып бараткан. "Росавиация" билдиргендей, учак Чукотск автономдуу облусуна азык-түлүк, башка товарларды жеткирип, базага кайтып келе жатканда кырсыкка учураган.

Жергиликтүү райондун башчысы бортто эки учкуч жана жүк бар болгонун маалымдады. Кийин Өзгөчө кырдаалдар мекемесинин өкүлү Ан-12 кулаган жерде беш кишинин сөөгү табылганын "РИА Новости” агенттигине кабарлады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG