Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 21:16

"Талибан" чет элдик валютаны колдонууга тыюу салды


Кабулдагы Мандави базары. 1-сентябрь, 2021-жыл.

"Талибан" Ооганстанда чет өлкөлүк валюталарды колдонууга тыюу салды. Талиб өкмөтү мындай валютаны колдонгондор жоопко тартыларын эскертти. Ооганстанда талибдер бийликти колго алгандан бери каатчылык күчөп жатат.

"Талибан" кыймылы түзгөн ооган өкмөтү чет өлкөлүк валюталарды колдонууга тыюу салынганы тууралуу көпчүлүккө күтүүсүз чечимин 2-ноябрда жарыялады. Талибдердин басма сөз катчысы Забиулла Мужахид "Твиттерге" жайгаштырган билдирүүдө экономикалык абал жана улуттук кызыкчылыктар жарандарды өлкө ичинде ооган валютасы - афганини гана колдонууга мажбур кылып жатканы белгиленген.

"Ислам эмираты ["Талибан" өкмөтү] бардык жарандардан, сатуучулардан, соодагерлерден, бизнесмендерден жана жалпы коомчулуктан ушул күндөн тартып бардык соодасын афгани валютасында жүргүзүүнү жана чет өлкөлүк валютаны колдонуудан карманууну талап кылат. Бул буйрукту бузгандар мыйзам чегинде жоопко тартылат", - деп айтылган билдирүүдө.

15-августта Батыш тааныган ооган өкмөтү кулап, "Талибан" бийликти колго алгандан бери Ооганстандын улуттук валютасынын куну түшүп кетти. Узак жылдарга созулган согуштан жабыркаган бул өлкөдөгү ички соодада АКШ доллары кеңири колдонулуп келген. Пакистан сыяктуу айрым коңшу өлкөлөр менен чек аралаш аймактардагы соода да доллар менен жүргүзүлөт.

Тереңдеген каатчылык

Түркиядан келген гуманитардык жардамга ээ болгон тургун. Кабул шаары. 30-октябрь, 2021-жыл.
Түркиядан келген гуманитардык жардамга ээ болгон тургун. Кабул шаары. 30-октябрь, 2021-жыл.

Соңку 20 жылдан бери 40 миллиондой калкы бар Ооганстандын экономикасы эл аралык колдоого көз каранды. Тышкы жардам мамлекеттин бюджеттик сарптоолорунун төрттөн үч бөлүгүн түзөт.

"Талибан" кайра бийликке келгенден кийин бир катар Батыш өлкөлөрү, Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банк Ооганстанга көрсөтүлүп келе жаткан каржылык колдоону убактылуу токтоткон. Ооганстандын чет өлкөдөгү, анын ичинде АКШдагы банк эсептериндеги 9 миллиард доллардан ашкан каражатка чектөө коюлган.

Талибдер бул каражатты Ооганстанга кайтарып берүүнү талап кылып келет. Бирок Батыш мамлекеттер жана эл аралык финансы институттары бул маселе талиб өкмөтүнүн кадамдарына жараша чечилерин билдирген.

Кантсе да дүйнө өлкөлөрү ооган жарандары гуманитардык жардамга муктаж экенин дээрлик бир ооздон белгилеп жатышат.

"Ооганстанда элдин муктаждыгы түрдүү себептерден улам көбөйүп кетти. Калктын жарымына азык-түлүк жетишпей жатат. Алар кийинки тамагын кайдан табарын билишпейт. Беш жашка чыга элек балдардын жарымы тоё тамак жебей калды", - деп билдирген эле бир нече күн мурда Бириккен Улуттар Уюмунун гуманитардык маселелер боюнча координатору Мартин Гриффитс.

Буга чейин Улуттар Уюмунун азык-түлүк программасы Ооганстанда кышкысын 23 миллиондой жаран тамак-аштын тартыштыгынан жапа чегиши мүмкүндүгүн эскерткен.

Эңшерилген экономика

Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) да боюнча быйыл Ооганстандын экономикасы 30% төмөндөй турганын билдирген. Фонддун октябрь айында жарыяланган Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия боюнча регионалдык экономикалык баяндамасына ылайык, ооган экономикасынын төмөндөшү миллиондогон адамдарды жакырчылыкка кириптер кылып, качкындардын санын көбөйтүшү мүмкүн. Анын кесепети коңшу өлкөлөргө, Түркияга жана Европага да тийиши ыктымал.

Кабулдагы аскердик оорукананы бутага алган, "Ислам мамлекети" террордук уюму уюштурган чабуулдан кийин. 3-ноябрь, 2021-жыл.
Кабулдагы аскердик оорукананы бутага алган, "Ислам мамлекети" террордук уюму уюштурган чабуулдан кийин. 3-ноябрь, 2021-жыл.

ЭВФтин баяндамасында айтылгандай, "Талибан" кыймылынын Ооганстанда бийлигин орнотушу менен коштолгон август айындагы окуялардан улам өлкөнүн импорту азайган, улуттук валютанын куну кетип, инфляция күчөгөн.

Талиб өкмөтү оогандыктарга "кырдаал оңолот" деп убада кылганы менен каатчылыкты кантип токтоторун так айта албай турат.

"Көптөгөн маанилүү долбоорлор башталат. Жумушсуздук токтойт. Балким жакырчылык бир азга уланышы мүмкүн. Бирок жардам көрсөтүү үчүн бизде башка жолдор бар. Башка өлкөлөр да кызматташып жатат. Айрым өлкөлөр, анын ичинде Кытай менен Орусия инвестиция салууга даяр", - деп билдирди "Талибандын" басма сөз катчысы Забиулла Мужахид 30-октябрдагы маалымат жыйынында.

Азырынча дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Октябрь айында Евробиримдик Ооганстандагы гуманитардык кризисти алдын алуу үчүн бир миллиард еврого тете каражат бөлө турганын билдирген.

Өткөн аптада АКШ Ооганстандагы каатчылыктан жапа чеккендерге 144 миллион доллардык жардам көрсөтүлөрүн жарыялады. Батыш мамлекеттерди оогандыктарга гуманитардык жардам көрсөтүү - талибдердин бийлигин таануу дегенди билдирбей турганын баса белгилеп жатышат.

Адистер талибдердин чет өлкөлүк валюталарга тыюу салуу чечими кырдаалды канчалык оңдоп кетерин так айта албай турушат. Экономикалык каатчылык менен кошо Ооганстанда "Ислам мамлекети" террордук уюмунун чабуулдары да токтобой жатат.

2-ноябрда Кабулдагы аскердик госпиталга террордук кол салуудан кеминде 19 адам каза таап, ондогон киши оор жаракат алды.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG