Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:41

БУУ: оогандардын жарымы ачарчылыкка кептелиши мүмкүн


Ооганстан
Ооганстан

Быйыл кышкысын 23 миллиондой ооган тамак-аштын тартыштыгынан жапа чегиши мүмкүн. БУУнун Азык-түлүк программасы менен Азык-түлүк жана айыл-чарба уюму 25-октябрда биргелешкен билдирүүсүндө ансыз да туруксуз өлкө дүйнөдөгү эң оор гуманитардык кризистин кырында турганын эскертти.

“Биз жардам бербесек, миллиондогон оогандар миграция же ачкадан өлүүнүн ортосунда тандоого аргасыз болот”, - деп айтылат билдирүүдө.

Анда белгиленгендей, кышкы каатчылыкка бир чети кургакчылыктын кесепети, куралдуу жаңжал, коронавирус пандемиясы, “Талибан” кыймылы бийликти басып алгандан берки экономикалык олку-солку абал алып келиши ыктымал.

Ооганстан ансыз да 20 жылдан бери тынчыбай келаткан уруштан жабыркап келатат. Талибдер бийликти алгандан кийин мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын көбү гуманитардык жардамды токтотуп коюшкан.

12-октябрда Евробиримдик гуманитардык кризисти алдын алуу үчүн бир миллиард еврого тете каражат бөлөрүн билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG