Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:38

БШК жети саясий партияны расмий каттады


БШКнын сайты.
БШКнын сайты.

Борбордук шайлоо комиссиясы 25-октябрга карата жети саясий партияны каттады. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Каттоодон "Бүтүн Кыргызстан", "Ата Мекен", "Ишеним", "Ынтымак", "Улуттар Биримдиги", "Ата-Журт Кыргызстан", жана "Ыйман Нуру" партиялары өттү.

Боршайком "Ата Мекен" жана "Ынтымак" саясий партияларынын тизмесинен бирден талапкерди чыгарды. "Ата Мекен" партиясы талапкер кылып көрсөткөн Нурбек Сабеков жогорку кесиптик билими тууралуу документти тапшырган эмес, "Ынтымак" партиясынан талапкер Талант Мамытов Конституциялык мыйзамдын талаптарына ылайык өз убагында кызмат ордунан кетпегендигине байланыштуу чыгарылган.

28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышуу ниетин 75 партия билдирген. Алардын ичинен 21 саясий уюм курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин түзүп, 1 миллион сом шайлоо күрөөсүн төктү. Эми Боршайком 29-октябрга чейин түшкөн документтерди текшерип чыгып, партияны каттоо же шайлоого коё бербөө чечимин чыгарат.

Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.

БШК бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу үчүн арыз тапшырган 381 адамдын 100дөн ашыгын ушул күнгө карата расмий талапкер катары каттады. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG