Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:12

"Ынтымак" партиясы Мамытовдун талапкерлигин каттоодон баш тартууда эреже бузулганын билдирди


Талант Мамытов
Талант Мамытов

“Ынтымак” саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду парламенттик шайлоого талапкер кылып каттоодон баш тарткан чечими тууралуу бир күндөн кийин билдирүү таратты. Анда алардын партиясынан шайлоого катышууга ниеттенген Талант Мамытовдун талапкерлигин каттоодон баш тарткан БШКнын олтуруму "өтө шашылыш, кворум жоктугуна карабай жана процессуалдык талаптар сакталбастан, "Ынтымак" партиясынын өкүлү катышпаса да" өткөнү айтылат.

Мындан тышкары Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов парламенттик шайлоого талапкер катары бара жаткандыктан өз ыйгарым укуктарын вице-спикер Аида Касымалиевага тапшыргандыгы тууралуу билдирме БШК жыйынына чейин жеткирилгени айтылат билдирүүдө. Партия Талант Мамытов ЖК төрагасы болгону менен бир эле учурда депутаты экенин БШК эске алган жок жана партияга кат жүзүндө кошумча маалыматтарды тапшырууга билдирме бериши керек эле деп белгилеген.

“Ынтымак” саясий партиясы "БШКнын бул чечиминин артында кандайдыр бир ыңгайсыз саясий атаандаштарын четтетип, өз талапкерлерине артыкчылык берүүнү каалаган саясий топтор турбайт" деп үмүт кылаарын кошумчалаган.

Партиянын билдиришинче, БШКнын Мамытов тууралуу чечимин азыркыга чейин алыша элек.

24-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду талапкер кылып каттоодон баш тарткан чечим кабыл алган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов Мамытовдун талапкерлиги эмнеге катталбаганын мындай түшүндүрдү:

"Парламенттик шайлоого катышуу үчүн талапкерлигин койгон саясий мамлекеттик кызматты ээлеген адам кызматын өткөрүп бериш керек болчу. Талант Мамытов кызматын өткөрүп бербегендиктен, Боршайком жумушчу топтун сунушун колдоп, аны каттабоо чечимин кабыл алды", - деп билдирген.

"Ынтымак" партиясы 12-октябрда курултай өткөрүп, ага спикер Талант Мамытов да катышкан жана шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмесинде болгон. Мыйзам боюнча мамлекеттик кызматкерлер талапкер болуп сунушталгандан кийин беш күндүн ичинде кызматын тапшырышы керек. Бирок Мамытов кызматын тапшырган эмес.

2021-жылы кабыл алынган шайлоо жөнүндөгү жаңы Конституциялык мыйзамга ылайык шайлоого бараткан мамлекеттик кызматкерлер кызматтан кетиши керек.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы "Азаттыкка" парламент төрагасы кызматын тапшырбай туруп шайлоого барса болот деп билдирген.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG