Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:28

БШК Камчыбек Ташиевдин айыл тургунуна үй белек кылганын териштирет


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин Сузак районунун Барпы айылындагы үй-бүлөгө үй белек кылганын текшерүүнү Ички иштер министрлигине жөнөттү. Бул тууралуу боршайкомдун расмий сайтында кабарланды.

Пери Орозбекова аттуу "Фейсбук" колдонуучу №14 Жалал-Абад шайлоо округунан парламенттик шайлоого ат салышып жаткан Шайырбек Ташиевдин агасы, атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев Барпы айылындагы үй-бүлөгө үй белек кылганын жазган.

Орозбекова Конституциялык мыйзамга таянып, талапкердин жакын туугандары шайлоо дайындалган күндөн тартып, шайлоо жыйынтыгы жарыяланганга чейин кайрымдуулук иш-чарасы менен алектенбеш керек деп белгилеген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы маалыматка ылайык, ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топко 15 арыз келип түштү.

Кыргызстанда 28-ноябрда аралаш система менен парламенттик шайлоо өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, парламентте 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан келет.

Арыздарды карап, документтерди текшерүү жана талапкерлерди каттоо 29-октябрга чейин аяктайт. 29-октябрда үгүт иштери башталат. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG