Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:28

Москва 28-октябрда карантинге жабылат


Москва шаары
Москва шаары

Орусиянын алты регионунда бүгүнтөн тарта коронавирустун жайылуусун алдына алуу максатында бош күндөр башталды. 20-октябрда президент Владимир Путин 30-октябрдан 7-ноябрга чейинки жуманы эс алуу деп жарыялап, бирок жергиликтүү бийликтерге эпидемиологиялык кырдаалга жараша аны узартуу же кыскартуу мүмкүнчүлүгүн берген.

Бош күндөрдө ишкана, кеңселердин көбү жабык болот. Оорукана, дарыкана, азык-түлүк дүкөндөрү кандимкидей режимде иштей бермекчи. Көпчүлүк коомдук жайларга QR-код менен гана кирсе болот. Айрым аймактарда улгайган кишилер милдеттүү түрдө обочодо болууга тийиш.

Москвада 25-октябрда жаңы чектөөлөр кирди. Мэрдин буйругу менен 60тан ашкан тургундар жана өнөкөт оорулары бар кишилер үйдө отуруш керек. Бул чектөө эмки жылдын 25-февралына чейин иштейт. Бирок эреже акыркы жарым жылда коронавирустан айыккандарга жана толук эмделгендерге жайылбайт. Ишканалардагы кызматкерлердин 30% алыстан иштөөгө өттү.

Ал эми 28-октябрдан 7-ноябрга чейин баш калаа жана Москва облусу карантинге жабылат.

Орусияда сентябрдын этегинен бери коронавируска кабылгандар жана андан көз жумгандар көбөйүп жатат. 19-октябрдан бери бир суткада коронавирустан бир миңден көп киши каза болууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG