Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

Коронавирустан эки бейтап каза болду, 66 учур жаңы катталды


Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 25-октябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда вирустан эки адам каза болду. Пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2655 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 66 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында. Ош шаарында ооруну жуктуруп алгандар катталган жок.

  • Бишкек - 41
  • Ысык-Көл облусу – 15
  • Чүй облусу – 3
  • Баткен облусу - 2
  • Ош облусу – 2
  • Талас облусу - 1
  • Нарын облусу - 1
  • Жалал-Абад облусу – 1

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 180 629 адамга жетти.

Бир күндө 36 адам айыгып, ооруканадан чыкты. Азыр ооруканаларда 712 бейтап жатат, дагы 655 адам үйдөн дарыланууда.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет. Дарыгерлер каза болгондордун баары коронавируска каршы вакцина албаганын белгилеп жатат. Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, өткөн суткада 7 миңге чукул адам эмделди. Алардын төрт миңден ашууну вакцинанын биринчи дозасын алды. Кыргызстан боюнча 1 млн. 662 миңге жакын адам вируска каршы вакцина алды. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG