Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Бишкекте тамактан ууланып ооруканага кайрылгандар 85ке жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тамактан ууланып Темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө кайрылган жарандардын саны 25-октябрь саат 7.30га карата 85ке жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

24-октябрда тамакка ууланган 12 адам кайрылганы, алардын үчөө жаш балдар экени, үч аял ооруканада дарыланып жатканы белгилүү болгон.

Саламаттык сактоо министрлиги 25-октябрда ооруканага кайрылган 85 адамдын ичинен бир аял ооруканада дарыланып жатканын, калгандары медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин дарыланууну үйлөрүнөн улантуу үчүн жөнөтүлгөнүн билдирди.

Бишкек шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик борборунун бөлүм башчысы Махамат Мурзашевдин белгилешинче, ооруканага кайрылгандар "Империя пиццы" кафесинен суши-роллы алып жешкен.

Толук маалымат эпидемиологиялык изилдөөдөн кийин белгилүү болору министрлик тараткан маалыматта айтылат.

Коомдук тамактануу жайларында уулануу учурлары буга чейин да катталган. Быйыл март айында Аксыда алты адам арактан ууланып каза тапкан. Октябрдын ортосунда Сузакта 130дай адам тойдо ууланып, ооруканага кайрылган.

Көзөмөл органдары мындай жайлар бизнес субъектиси болгондуктан текшерүү укугу чектелүү экенин айтып келишет. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG