Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Аалиев эки айга камалды


Уланбек Аалиев.
Уланбек Аалиев.

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Уланбек Аалиев эки айга, 21-декабрга чейин камалды. Сот анын бөгөт чарасын 23-октябрда карап, ушундай чечим чыгарды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан, бүгүн 25-октябрда кабарлашты. Аалиев тергөө иштери бүткөнгө чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу тергөө абагында болот.

Ал кыйноо колдонгон, өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылган жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шек саналып жатканын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 22-октябрда билдирген.

Аалиев менен кошо аталган бөлүмдүн Тергөө кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Талгат Куватбеков жана тергөөчү Айсулуу Рамазан кызы колго түшкөн. Алардын баары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Булар иликтеп жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жергиликтүү келинден көп суммада пара талап кылганы, көп балалуу энени милиция бөлүмүнө чакырып, басым жасаганы айтылууда.

Уланбек Аалиев Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп 2021-жылдын февралында дайындалган. Буга чейин ал Нарын облустук милициясын жетектеген.

Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстанда кыйноо фактылары негизинен кылмышка шектүү адам жаңы кармалганда милиция бөлүмүндө катталат. Ички иштер министрлиги мындай окуялар жок эмес экенин, кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштери жүрүп турарын билдирип келет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG