Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:19

Жаңы окуу жылынан бери 180 окуучудан коронавирус аныкталды


Мектептерди дезинфекциялоо иши. 2020-жыл.
Мектептерди дезинфекциялоо иши. 2020-жыл.

Сентябрь айынан бери 180 окуучу коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова бүгүн, 25-октябрдагы брифингде билдирди. Анын айтымында, жаңы окуу жылынын башынан тартып мектепке чейинки курактагы балдардын арасында 68 учур катталган.

"Бул мезгил ичинде эң көп ооругандар 60-69 жаш курагында катталган, жалпысынан 841 учур (20,0%). Республика боюнча ушул жылдын 35-жумасынан 41-жумасына чейин 4316 учур катталган", - деп билдирди Акматова.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 25-октябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда вирустан эки адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2655 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 66 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында. Ош шаарында ооруну жуктуруп алгандар катталган жок. Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 180 629 адамга жетти.

Бишкек мэриясы буга чейин коронавирус илдетине байланыштуу №67 гимназия мектеби толугу менен, ошондой эле ар кайсы мектептердеги жети класс карантинге жабылганын билдирген.

Кыргызстанда билим берүү мекемелери 15-сентябрдан тарта толук ачылган. 2020-жылдын март айында өлкөдө COVID-19 вирусу алгач аныкталганда бала бакча, мектеп, окуу жайлардын баары аралыктан окутууга өткөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG