Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:13

Органдарын алмаштырган бейтаптар митингге чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте органдарын алмаштырган 30га чукул бейтап Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдына митингге чыгышты. Алар иммуносупрессорлор же трансплантацияланган органдардын иштешин колдогон таблеткалар ушул жылдын май айынан бери Кыргызстанга алынып келинбей жатканына нааразы болууда.

"Дарылар Түркия жана Европадан алынып келчү. Бирок азыр Орусиядан алып келүү боюнча келишим түзөбүз деп жатышат. Биз Орусия өндүргөн дарыларды алгыбыз келбейт. Анткени анын терс таасири көп жана биздин алмаштырылган органдарга терс таасирин тийгизет. Бул жерде биздин укугубуз бузулуп жатат", - деди бейтаптардын бири.

Учурда бейтаптарды министрдин орун басары Жалалидин Рахматулаев кабыл алууда. Министрлик тендер улам жылып отуруп, дары алып келүү кечеңдеп жатканын белгилөөдө.

Кыргызстандагы бөйрөк кемтигинен жабыркагандардын көйгөйү гемодиализ жабдуусуна байланышкан. Өлкөдө трансплантация ишке ашпагандыктан бейтаптар 30-40 миң доллар топтоп, чет өлкөлөргө барып операция жасатууга мажбур болушат.

Мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилова өкмөттө иштеп турган август айында эле боор илдетине чалдыккандарды керектүү дары-дармек менен камсыз кылууга убада берген. Аткаруу бийлиги Индиядан баасы үч долларлык дарыны алып келүүгө шарт түзүп бермек. Кыргызстанда анализдер кымбат болгондуктан, көбү боор алмаштыруу үчүн чет өлкөгө барып операция жасатат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG