Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:18

Футбол боюнча Азия Кубогу U-23: Кыргызстан БАЭ командасын жеңди


Кыргызстандын футбол боюнча Олимпиадалык курама командасы. 24-октябрь, 2021-ж. Фужейра, БАЭ.
Кыргызстандын футбол боюнча Олимпиадалык курама командасы. 24-октябрь, 2021-ж. Фужейра, БАЭ.

Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы (U-23) Бириккен Араб Эмиратынын командасын 2:1 эсебинде жеңип алды.

Аталган оюн Азия кубогунун тандоо баскычынын алкагында 24-октябрда Бириккен Араб Эмиратынын Фужейра шаарында өттү. Оюндyн 1-таймынын аягында талаа ээлери бир гол менен алдыга чыгышкан (Халед Мухаммед Алблуши, 45+2). 2-таймда кыргыз футболчулары эки гол киргизип, жеңишке жетишти. Кыргызстанга тиешелүү голдорду жарым коргоочулар Амир Жапаров (77-мүнөт) менен Арлен Шаршенбеков (88-мүнөт) киргизди.

23 жашка чейинки футбол курама командалары арасында өтө турган 2022-жылдагы Азия кубогунун тандоо оюндарында 42 команда 11 тайпага бөлүнүп ойноп жатат. Кийинки баскычка 16 команда чыгат (11 тайпанын лидерлери, 2-орунду ээлеген мыкты төрт команда жана мелдеш кожоюну Өзбекстан).

Кыргызстан Бириккен Араб Эмирлиги, Оман жана Индия менен Е тайпасына бөлүнгөн. 1-турда Индия Оман командасын 2:1 эсебинде утуп алды. Алдыда Кыргызстандын командасы 27-октябрда Оман менен, 30-октябрда Индия командасы менен беттешет.

Азия кубогунун оюндары (U-23) 2022-жылдын 1-9-июнь күндөрү Өзбекстанда өтөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG