Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Жапырт ууланууга байланыштуу "Империя пиццы" кафеси убактылуу жабылды


"Империя пиццы" компаниясынын эн белгиси.
"Империя пиццы" компаниясынын эн белгиси.

Жапырт ууланууга байланыштуу "Империя пиццы" кафесинин Бишкектеги бардык филиалы убактылуу жабылды. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, ууланууга байланыштуу эпидемиологиялык иликтөөнүн алкагында кафе текшерилип жатат.

"Учурда "Империя пиццы" кафелеринин бардыгы ишин токтотту. Биз 35 тамак-аштын үлгүсүн алып лабораториялык жол менен изилдөө жүргүзүп жатабыз. Бүгүн кафенин жумушчулары анализ тапшырып жатат. Кафе изилдөөнүн жыйынтыгы чыкканга чейин убактылуу жабылды", - деди Мурзашев.

23-24-октябрь күндөрү Темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө тамактан ууланып, медициналык жардам сурап 12 киши кайрылган. 25-октябрда ооруканага кайрылгандардын саны 85ке жетти. Кайрылгандар “Империя пиццынын” кафелеринен үйлөрүнө жеткирип берүү буйрутмасы менен суши-ролл жешкенин айтышкан.

Биринчи күнү медициналык жардам алып үйүнө кеткендер кайра ооруканага келип жатышканын дарыгерлер билдирди. Учурда тамактан ууланган ондон ашык киши ооруканада жатат.

Толук маалымат эпидемиологиялык изилдөөдөн кийин белгилүү болот деди Саламаттык сактоо министрлиги.

Коомдук тамактануу жайларында уулануу учурлары буга чейин да катталган. Быйыл март айында Аксыда алты адам арактан ууланып каза тапкан. Октябрдын ортосунда Сузакта 130дай адам тойдо ууланып, ооруканага кайрылган.

Көзөмөл органдары мындай жайлар бизнес субъектиси болгондуктан текшерүү укугу чектелүү экенин айтып келишет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG