Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Кыз-келиндер күрөшүнүн көшөгө артындагы көйгөйлөрү


Жуманазаров: Спортто он жыл алдыга караш керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:23 0:00

Жуманазаров: Спортто он жыл алдыга караш керек

Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер арасындагы күрөш командасындагы Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы алгач Токиодогу Олимпиадада, андан кийин Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында жогорку ийгиликтерге жетишти.

Ошол эле маалда спорттун бул түрүндө “көшөгө артында” көпчүлүккө билинбеген бир катар маселелер бар. Бул Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Дүйшөн Жуманазаровдун “Азаттыкка” берген интервьюсунан кийин ачыкка чыгууда.

- Саламатсызбы, Дүйшөн агай. Кош келипсиз! Сиз мына Токиодогу Олимпиадада коло медал алган, андан кийин жакында Ослодо чемпион болгон Мээрим Жуманазарованын атасысыз. Анан Айпери Медет кызы. Мына ушул эки кыздын биринчи машыктыруучусуз. Биринчи ирет экөөнү спортзалга алып келген киши катары айтсаңыз, эмне себептен кыздарды машыктырууга көңүл бөлүп калдыңыз эле? Машыктыруу мектебинин абалы азыр кандай? Мындан аркы келечегичи?

- Бул эми кыздардын күрөшү 80-жылдардан башталган, ага чейин эч ким көңүл бурчу эмес. Себеби, мен ошол кезде машыктыруучумун, 1980-1985-жылдары Ким деген корей машыктыруучу жигит иштечү эле. Ал айтып калчу “кыздар менен иштеп атам” деп. Андан башка бир дагы машыктыруучу ушул кыздардын күрөшүнө көңүл буруп же "ушул кыздардын күрөшүн өнүктүрүш керек" деп сөз козгошчу эмес. Анын үстүнө биздин өзүбүздүн кыргыздардын псиxологиясы дагы, мурда кыздар күрөшпөсө, элдин баарысы эле “кыздар да күрөшөбү” дегендей мамиле бар эле да. Анан ошентип жүрүп Советтер Союзу тарады. 2011-жылы республикалык күрөш боюнча мектепке келдим. Ал кезде Жеңиш Бекбоевич Дөңбаев директор болчу. “Сен эми бир аз эс алып алдың, иштебейсиң го” дегендей кылды. Анан тамашалап: "Ай, Жеке, силер деле иштеп атпайсыңарбы" дедим. Ал анткени менден 10 жаш улуу да. Анан ал: "Кыздар менен иштебейсиңби? Бир группа кыздарды ал, бир группа балдарды ал" деп калды. Мейли, иштеп көрөйүн дедим. Республикалык мектеп жок. Такыр жоюп таштаган. Анын филиалдары боло турган - жакшы болчу да, жер-жерлерден машыктырып, жакшы балдар-кыздарды республикалык мектептин эсебинен каржылачу, чогулуп, чет мамлекеттерге чыгып турчубуз. Өзүбүздү, машыктыруучулардын окуусун өткөрүп турчу. Мен ошентип 2012-жылдан баштап кыздар-балдарды жыйнап, машыктыра баштадым. Мен Бакай-Ата районунун Биринчи май айылында турам.

- Ошондо сиз башында каяктан баштадыңыз? Зал жок болсо, айыл жергесинде шарт деле жок да?

- Шарт деле жок. Мен ошо иштеп жүргөндө өзүмдүн эски күрөштүн килемдери бар болчу, айылга бергем ошону. Анан ошол 2012-жылдан баштап дайыма кыздар менен иштей баштадым. Кадимкидей эле мектептин линейка деп коёт жыйынына барып кыздарды үгүттөп, жыйнай баштадым. “Ушундай-ушундай, кыздардын күрөшү ачылды, балдар эле күрөшпөйт, эми Кудай буйруса кыздар да күрөшөт” дедим. Анан тамаша кылып линейкадан айттым: “Бизде кыргызда каныбызда бар, Кыз Сайкал, Жаңыл мырза деген биздин тукумда кыргыздардын балбан, баатыр кыздары чыккан, келгиле” дедим.

Кыздар аябай жакшы келишти ошондо. Мээрим, Айпери экөө 6-класста окучу ошол кезде. Анан биздин өзүбүздө зал жок, нары жакта коңшу айылда чала бүткөн зал бар, ошол жакка барып машыгууну баштадык. Бир ай өткөндөн кийин кыздар калбай калды. Мээрим эле калды, ал болсо балдар менен барат. Ошентип аны шаарга мелдешке алып келдим. Анан кызыгуу башталды. Тиги кыздар да “биз шаарга бардык” десек, кошулуп келе баштады. Ошентип Бишкекке Мээрим келип күрөшө баштаганда аны баары эле жактырышты. Каримов айтып калды: "Агай, мага бербейсизби?" деп. Өзүм эле машыктырам дедим. Нурбек (Изабеков) да келди “агай, кызыңыз жакшы экен” деп. Дагы кийинки бир-эки жолу мелдешке келгенден кийин кыздарды сборго чакыра баштады. Айпери башында эле кошулган, бирок, бир айдан кийин ата-энеси жибербей койду. Жарым жылдан кийинби, бир жылдан кийинби, шаарга келсем, кыздарды “машыгууга” деп калышты. Айпери эми “незаметная” кыз болчу да, арык, ичке, салмагы Мээримден да аз болчу, бирок, бою узун. Мындай карап турсаң сөөк-саактуу, мага аябай жакты. Анан 6-класста анын тамырын тарткан методду колдондум:

- Айпери, көлгө баргың келеби?- дедим. Күн жылуу болчу. Мээрим андан мурда бир-эки жолу барып келген. "Агай, барам" деди. Үйүңдөгүлөрчү?- десем. "Барам, агай" деди. Мен ошондо айылга бара албай калдым, төрт-беш кызды айттым: "Барсаңар, саат мынчада Мээрим менен чыккыла, мен тосуп алам шаардан". Биринчи Айперини ошентип чакырганбыз машыгууга.

Кээ бирлер эрте жетилет, кээ бири кеч жетилет. Бул эркек балдарда деле бар. Айпери 2012, 2013, 2014-жылга чейин республикада биринчи орунду да ала алган жок. Бирок, мен аны машыктыра бердим. Анан Таиландга алып кетишти, кадеттер арасындагы Азиянын чемпионатына. Ал жактан 3-орунду алып, коло медал менен келбедиби.

- Сиз алдын ала көрө билген экенсиз да. Алдын ала билген үчүн Кыргызстанга, дүйнөгө ушундай кызды бердиңиз да.

- Эми машыктыруучулук тажрыйбада 2 жыл менен 30 жылдын айырмасы бар да баары бир.

Токио Олимпиадасы

- Агай, эми Токио Олимпиадасына келсек. Токио Олимпиадасы кыргыз күрөшүндө эле эмес, жалпы чоң спорттун барагын жаңырткан бир ири окуя болуп калбадыбы. Бул ирет Айсулуу күмүш медал, Мээрим коло медал алды. Айпери болсо бешинчи орунга чыкты. Акжол Махмудов дагы медал менен кайтты. Өтө чоң жетишкендик. Токиодон кийинки жалпы мамлекеттин сиздерге жасаган мамилеси кандай болду? Ошондон кийинки окуяларга өзүңүз кандай пикир айтат элеңиз?

- Токио Олимпиадасы жөнүндө жаман пикир айтканга болбойт. Себеби дегенде, Айсулуу мынакей үчүнчү Олимпиадага катышып атат, элдин баары андан алтын медал күткөн. Бирок, ойлогон ой боло берсе анда спорттун кызыгы жок болуп калат да. Айсулуу жакшы күрөштү, экинчи орун деле биздин кичинекей мамлекетибиз үчүн чоң жетишкендик. Анан Мээримди айтсам, анын биринчи Олимпиадасы, бирок, ойдогудай жакшы дайындалган жок, мен билем да. Буга кийинчерээк токтолуп кетейин. Үчүнчү орун деген да жакшы, медал алып келди. Мээрим деле, Айпери деле финалда күрөшө турган мүмкүнчүлүктөрү бар болчу. Канчалык жакшы десек деле мындан да жакшы боло турган мүмкүнчүлүктөрү бар болчу. Бирок буга да Кудайга шүгүр.

- Себеби эмнеде деп ойлойсуз?

- Бирөөнүн кемчилигин айткан оңой да. Жакшы жактары, жаман жактары көп да. Себеби эмнеде? Себеби, мисалы, Мээрим, акыркы сборго - Таллинге барган жок. Эмне себептен барбай калганын мага да айткан жок, улук машыктыруучуга да айткан жок. Аны мага бир ооз айтып койсо болмок да.

- Сиз биринчи машыктыруучусуз, Мээрим өзүңүздүн кызыңыз. Биринчи машыктыруучу менен кийинки машыктыруучулар кандай иштеш керек деген ойдосуз? Биринчи машыктыруучунун ролу чоңбу? Башкача айтканда, сиздер кызды алгач машыктырып, өстүрдүңүздөр, анан аны башка машыктыруучуга өткөрүп бергенден кийин сиздер алардын ишине кийлигишип аткандай болбойбу?

- Жок, мен эми ошо жөнүндө айтайын. Биринчи машыктыруучу дегенде көбүнчө мындай, мисалы, Акжолдун биринчи машыктыруучусу миллион сом сыйлык алды, ал Акжолду бир жылбы, жарым жылбы - машыктырган, балким эки жылдыр. Биринчи машыктыруучуну да ар ким ар кандай түшүнөт. Казакстанда Олимпиаданын эки жолку чемпиону Илья Ильин деген бар, ошол жигит да сыйлык алаарда “биринчи машыктыруучумун” дегендер толуп кеткен “мен-мен” дешип. Анан спортчу өзү айткан да “менин биринчи машыктыруучум булар эмес, өзүм алып келем” деп.

- Эгер сиз ошол жерде биринчи машыктыруучу катары Токиодо болсоңуз, биздин кыздардын жетишкендиги мындан дагы бийик болот беле, ийгилиги мындан дагы жакшы болот беле?

- Биринчиден, аны бир Кудай билет. Бирок, жакын кишиси барганы жакшы да.

- Теxникалык жагынан, үйрөтүү жагынан, псиxологиялык жагынан айтам да…

- Мына азыр Токиону токтотуп туруп, Ослону айтайынчы. Ослого мен деле барайын дедим, бирок, ооруп калып бара албай калдым. Бирок, Ослого Мээрим менен азыр чогуу иштеп аткан Чынарбек Изабеков барды. Мына анын барганы Мээримдин алтын алганына түздөн-түз себеп болду.

- Дал ошол маселени айтып жатам. Ал деген жеке машыктыруучусу да. Токиого ал киши барган жок, сиз да барган жоксуз, туурабы?

- Ослодо карасаңыз, атургай анын кыйкырганы бул жактан угулуп атат. Эми жапон деген кыргызча түшүнбөйт да. Мээримди бутка киргенин билет, эмнеге жөндөмдүү, кайсы жерден кантип алыш керек экенин билет, анан ошондо Чынарбектин кыйкырганын ал эмес, мен уктум бул жакта туруп. “Мээрим, Мээрим, капталга кир, капталга” деди. Ал капталга кирди дагы, буттан алып, 3 мүнөткө жетип-жетпей утту. Мына жыйынтык. Чынарбек деген биринчиден машыктыруучусу да. Ал дайыма жанында жүрөт, эмне кылса дагы көңүлүн көтөрөт. Баланы деле, кызды деле жалаң эле күрөш жөнүндө ойлондура бербей, алаксытыш керек.

- Псиxологдун ролун да аткарат экен да. Өзүнчө псиxолог деле жок да?

- Бир-эки жыл иштеп алып эле анан кийин “мен мындай псиxологмун” дегендер толтура. Ошентип Олимпиадага Чынарбек же мен да барган жокпуз да. Эми мен жөнүндө “Ал айылда жүрөт, эмнени билип коюптур” деп айтышы мүмкүн. Мисалы, кыздарга эле айткандарын угуп калдым: “Агайың ал жактан эмне кыла алат, эч нерсе кыла албайт, колунан эмне келет?” дегенин. Эч нерсе кыла албайбыз, себеби бул жерде биз курама командадан акча ала албайбыз. Анан алар жанынан акча алып аткансып эле, мисалы, Байгазы (Кенжебаев), башкы машыктыруучу, жөн эле отуруп эле, баарын биле турган киши болуп. Каяктан билет ал? Мен мындайларга түшүнбөйм. Эмнеге ал жакта (Байгазы Кенжебаевдин) аралашып жүргөнүнө да түшүнбөйм.

"Туура эмес десе, дебатка да даярмын"

Чемпион кыздарды таптаган Дүйшөн агай
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:11 0:00

- Эмне иштер туура эмес болуп атат? Аргументтеп бере аласызбы?

- Байгазы кыздардын күрөшүнө 2016-жылы келген. Ошого чейин биз Нурбек Изабеков менен татынакай эле иштеп жүргөнбүз. Сборго чогуу барчу элек. Динара Шертаевна Исаевага жардамчы болуп келди. Анан жүрүп-жүрүп эле бир жыл өткөндөн кийин Байгазы улук машыктыруучу болуптур. Эмнеге? Тиги жаштарга. Эми жаштар ошол эле биздин кыздар: Мээрим, Айпери, Нураида, Назира төртөө. Булар чындыгында Кудай берген таланттуу кыздар. Алар менен Байгазы машыктыруучу болуп иштеп жүрдү. Тээ Парижге барат ошолор менен, Токиого барат, Ослого да барат. Анан атасы мен Дүйнөлүк чемпионатка, чоңдор күрөшүнө - беш жыл болду, бир да дүйнөлүк чемпионатка барган жокмун.

Анан мындай болду, Токиого кетип бара жатканда биз чогулдук. Кадимкидей эле “мен барам” деп чыктым. Комитеттен Олимпиадага даярдоо борборунун директору келди, башкармалыктын жетекчиси Марат деген жигит, үчөөбүз отурдук. Бул сөз мурда да болгон. Азия чемпионаты өткөндөн кийин Байгазы Кенжебаев менен Нурбек Изабеков мени чакырды, отурсак Байгазы айтты: "Агай, Мээримди сиз Нурбекке бериңиз машыктырганга". Мен ансыз деле Нурбек машыктырып жатпайбы десем. " Жок, өздүк машыктыруучу болуп жазылышы керек" дейт. Акыры кыздарды экиге бөлдү да бул, үчкө бөлдү ошол төрт-беш кызды. Эмнеге берем? - десем. "Ушундай, бүт карайт" дейт.

Мен ал кезде айттым: 35-40 жыл стажым бар, башкы машыктыруучу деген баарына тегиз болуш керек, башкы машыктыруучу дегенде жеке машыктыруучу болбош керек. Жеке машыктыргыч ошону эле карайт, башканы карабайт. Анан мейли, берейин, мага эмне болот дедим. Ал айтты: “Агай, сизге Азия оюнунда Нурбек канча сыйлык алса, мен ошончону жаныман берем” деди. Мен буга макул болдум. Анан Олимпиадада менин үмүтүм бар да, Мээримдин Олимпиадага катышарына илгери эле көзүм жеткен. Анан Олимпиадага барсачы? - десем, “Олимпиадага барса, акчасын азыр эле берип коём” деди. Аны угуп мен ыраазы болдум. Мен билбей жүргөн турбаймынбы, бул жакшы жигит турбайбы деп макул болдум. Ушуну “туура эмес” дей турган болсо, Байгазы дебатка чакырса азыр да дайынмын.

Азия оюнунан келгиче Мээрим ошолордо жүрдү. Жеке машыктыргыч болуп Нурбек жазылып жүрдү. Анан ал убакыт деле өтүп кетет экен да, мелдештен келишти. Анан бир күнү баягы сыйлыкка келип калдык. Байгазы болсо жок. Мен эми сураган жокмун, өзүм ошондой кишимин. Анан ошентип бир күнү Байгазы айтты: “Айперинин сыйлыгын бербейм, Мээримдикин берем” деп. “Эмнеге?” десем “Айперини мен сиз бергиче мурда эле жазып алгам” дейт. Бербесең койчу, экөөнүкүн тең эле бербей эле кой дедим. Ошондо президентке киргени жатканбыз, мени да жазып койгула, мен да кирейин өзүм машыктыргыч катары дедим. Болду, ошол. Эл алган сыйлыкты мен да алайын десем ошону жасашпай койбодубу.

Ким келди ошол жерге? Байгазы келди, Нурбек келди. Эми Нурбек, мейли. Байгазы ким ал жерде? Ал жерде ал вице-президент, улук машыктыргыч. Эми анын улук машыктыргыч деген аты эле бар да, иштеген жок да эч кандай, муну залда жүргөндөрдүн баары билет. Мисалы, Чынарбек Изабековдун залына барып сурасаңар “Байгазы иштейби ушул жерде?” деп. Ал жөн гана көргөзмө, сборго да барбайт. Олимпиадага “анан сен барасың, мен барам” деп олтурганда, бул жерде дагы ошондой, жанагы агенттиктен, Олимпиадага даярдоо борборуна чогулуп сүйлөшсөк Байгазы Кенжебаев: “Агай, мен барам” деди. “Жок, сен барбайсың, биз барабыз” деди. Мен ушуга чейин чыктым: “Анда Мээрим да барбайт” дедим. Анан бул жанталашып калды, тиги талашып атканда мен ойлодум: “Сен да барба, мен да барбай коёюн, Чынарбекти жибереличи” дедим. Ага да болбоду. Бир күнү чакырып калышты, барсам айтышты: “Агай, Байгазы Чынарбек менен сүйлөшүптүр, Байгазы барсын” дешти. “Эмне деп сүйлөшүптүр?” десем, “Чынарбек макул болуптур, бул барсын, Агай, батаңызды бериңизчи, Чынарбек макул болуптур го” деди. Анан мен “Чынарбекти барсын” деп атсам, Чынарбектин өзү макул болуп койсо, мага да ыңгайсыз болду да, анан мен макул болдум мейли, бара берсин Токиого деп. Эртеси күнү Чынарбекке жолугуп сурасам ал: “Агай, мен өзүмдүн акчама болсо да барайынчы” дейт. Өзүнүн акчасына да барбай калды да ал жеке машыктыруучусу.

"Машыктыруучулар ортосундагы сыйлык туура эмес бөлүндү"

- Токиодон кийин мамлекет тарабынан акча бөлүнбөдүбү. Спортчулардын өзүнө, кыздарга, мындан тышкары машыктыруучуларга. Ошол машыктыруучулардын ортосундагы сыйлыктын бөлүштүрүлүшүнө сиз кандай карадыңыз? Туура, акыйкат бөлүштүрүлдүбү? Ким бөлдү ал акчаны?

- Ооба, туура, акча тапшырышты. Ушунча жылдан бери Олимпидадан медал албай жүрүп Кыргызстан байге алды. Биздин урматтуу президент Cадыр Нургожоевичке мен ыраазычылыгымды айтам. Аябай жакшы сыйлык берилди - 5 миллион сом дегенди 7 миллионго, 7 миллион дегенди 10 миллион сомго көбөйттү. Кыздарды, дегеле жалпы спортту аябай колдоп койду. Медал алып келгендерге бирден автоунаа берди. Мен буга жетине албай турам. Спортчуларга аябай жакшы болду. Анан кайра келип эле ушу да - мен өзүм жөнүндө баштайынчы. Жеке, биринчи машыктыруучу деп айтылгандар мен, анан Акжолдун машыктыруучусу болду да. Ал деген бир жыл, эки жыл эле машыктыруучу болгон да, а мен деген бул кыздардын жанында ушул күнгө чейин жүрбөймүнбү. 10% биринчи машыктыруучу үчүн дейт. Мисалы, массажист алды 10%. Биз бир окуучубузга 10% алып атабыз. Мен машыктыргыч катары өмүр бою жанында жүргөм, азыр да жанында жүрөм. Мен 800 миң сом алдым. Мен президентке же мамлекетке айта албайм “мага ушундай аз берип койду” деп. Муну алар кылган жок. Муну Байгазы депутат болуп туруп жасалды. Ал өзүнө канча койду? Башкы машыктыруучу ар бир баладан пайыз алат. Биринчи машыктыруучу деген бирөөнө эле алат, өзүнүкүнө эле. Байгазыныкы 35%, улук машыктыргычтыкы 30%, пайыздарынан жаңылып калышым мүмкүн. Андан кийин жеке машыктыргыч 10%. Бул туура эмес да.

- Демек, сиз акыйкат бөлүнбөй калды деген ойдосуз?

- Спортчуларга туура берилди. А жанагы машыктыруучулардын ортосундагы сыйлык такыр туура эмес бөлүндү. Орусияда, мисалы, бир спортчуга үч-төрт машыктыруучу иштейт. Бизде мурда азыркы иштеп аткан машыктыруучу, эки машыктыруучу жазылчу эле.

- Сиздин айткандарыңыздан улам спортто, күрөштө, кыз-келиндер күрөш федерациясында көп маселелер бар экендигинин башын чыгарып атасыз. Ослодо өткөн Дүйнө чемпионатына үч категория боюнча биздин үч кыз барып, үчөө тең мыкты жыйынтык көргөзүштү. Мени кызыктырганы калган жети салмактагы категорияларга эмнеге спортчу кыздарыбыз барышкан жок? Башка кыздар барбы бизде күрөшкөн?

- Азыр кыздар көп. Өтө көп. Мына Токиодогу Олимпиададан кийин, ага чейин деле - Астанадан Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпиону болду, Мээрим жаштар арасында Азияда үч жолу утту, чоңдордун арасында бир жолу утту, катарынан утуп келе жатат. Спорттун бул түрүнө кызыгуу өтө зор да. Кыздардын рейтинги аябай өстү, каалоочулар көп. Менде да кыздар бар, мына дагы бир кызым Сезим Жуманазарова жаштар арасында дүйнөдө үчүнчү болду. Эмне үчүн кошпойт мындай кыздарды? Байгазынын көздөгөн саясаты ушундай - бул азыр депутат, депутаттыгы бүткөндөн кийин эртең кетип калат. Мына, Олимпиададан жакшы жыйынтыктар болсо Нурбек Изабеков да кетем деп жүргөн. Бул Олимпиадада кетпесе, кийинки Олимпиадада кетет. Анан наркы Олимпиадада биз казактардан жаман болобуз. Резерв жок. Бул эми азыр түшүнгөн кишиге. Түшүнбөгөндөргө айтат да “биздин убакта укмуш болчу” деп.

- Резерв болуш үчүн кыздар бар дедиңиз. Бирок ага шарт керек да. Мына мамлекет тарабынан шарт түзүлгөнбү? Анан республикалык мелдештер, чемпионаттар өтүп жатабы?

- Мамлекет шарт түзүп берип атат. Бирок, ал кандай пайдаланылып жатат? Мамлекеттин акчасына чемпионаттарга кыздарды кошуш керек, мисалы, Байгазы Кенжебаевдин ордуна беш кызды кошсо болот беле? Дагы ошого окшогондор бар. Ошолордун ордуна үч кыз эмес, алты кызды алып барып койсо ал кыздардын көзү ачылып келет эле да. Эч нерсени көрбөй туруп каяктан чыгасың? Анан эми чемпионаттар боюнча. Чемпионат бир эле кадеттер арасында өтөт - 17 жашка чейинкилер арасында. Ал дагы коронавируска байланыштуу 2 жылдан бери болбой калды. Чоң кыздар арасында мен келген 2012-жылы өткөн. Азыр эми чемпионат өткөн жок бир да жолу. Анан кийин суроо туулат да “Кантип анан курама команданы чогултуп жатасыңар?” деген. Мына биз ыйлап эле келатабыз. Олимпиадага даярдоо борборуна каалаган кишисин жазып коёт. Антип ар бир кызды жазып койгону үчүн 20% айлык алат ага, бар ошондой машыктыргычтар - 5-6 кызды жазып койгон – ай сайын маянасына кошумча акча кошулат. Мээримди, Сезимди жазбай койбойт. Мен Айпериникин да албайм.

- Республикалык бюджеттен акча бөлүнөт, ошого жанагы кыздардын аты, фамилиясы кирет, ошол кыздардын аты киргени үчүн машыктыруучулардын айлыгына 20% үстүнө акча кошулат экен – туурабы?

- Ал акча эми курамага, Олимпиадага даярдоо борборуна киргени үчүн. Бул маселе боюнча Канат Аманкуловго 3-4 жыл мурун кат жазып киргенбиз. Арыз эмес, өтүнүч жазганбыз. “Бизге жыйын өткөзүп бергиле, машыктыруучулардын кеңешин түзөлү, оюндагыдай кыла бербесин, бул жакты менчик кылып албасын” деп. Ошо 4-5 жылдан бери бизге жыйын өткөзүп бере элек. Бул Байгазы Кенжебаев деген спорттон, кыздардын күрөшүнөн кетпесе бизде ынтымак болбойт. Же Байгазы кетиш керек, же биз кетишибиз керек. Эми карасаңар - 2017-жылы Азия оюндары болду, андан кийин өзүнө бир жыл иштебей атып “эмгек сиңирген” деген наам алды, 2018-жылы дагы Азия оюндары болду, анда “Эмгек сиңирген ишмерди” алды. Кечээ күнү Олимпиададан кийин медал алыптыр. Тээ Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда бир грамота алгам. Негизи сыйлыкты ар бир 5 жылдан кийин алыш керек. А бул Байгазы Кенжебаевге эмне, боло береби? Мен азыр 67 жашка кеттим. Мына келе жаткан муун биздей болбосун, биздей жаманчылыкты, калыссыздыкты көрбөсүн дегеним. Ушуну жетекчилер калыс карап, бир комиссия түзүп, ишти туура жолго коюп койсо деген кеп. Биздин мамлекетте бизге окшогон башаламандык көп. Биз спорт деп жүрөбүз, спорт деп кетебиз дүйнөдөн.

P.S. Жогоруда аты аталган кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук кураманын улук машыктыруучусу, Жогорку Кеңештин депутаты Байгазы Кенжебаевге жана башка тараптарга дагы "Азаттык" радиосу микрофон сунууга даяр.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG