"Азаттыктын" "Арай көз чарай" берүүсүнүн алып баруучусу жана саясат, экономика, адам укугу жаатында баяндамачы.
Мамлекеттик тилдин айланасында талкуу дагы кызыды. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин кыргыз тилинин абалына тынчсызданган пикири себеп болду.
Бишкек шаардык соту Талас шайлоо округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечимди күчүндө калтырды. Бул округдан шайланып келген парламент депутаты Бактыбек Чойбеков Жогорку Сотко апелляциялык арыз берери белгилүү болду.
Жаздын келиши менен борбор калаанын көчөлөрүндө чуңкур-чөнөктөр көбөйүп, коомчулук кызуу талкуулап, ал ырга, тамашага айланып, маселе Жогорку Кеңешке чейин жетти. Бул ирет Бишкек шаарындагы жолдордун абалын талкуулайбыз.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту тынч чогулуштарды өткөрүүнү чектөө чечимин дагы үч айга узартты. Тийиштүү чечим 29-мартта кабыл алынган. Укук коргоочулар Конституцияда каралган адам укуктарынын бири болгон тынч жыйындарга чогулуунун минтип чектелип келатканына тынчсызданып жатышат.
Москвадагы «Крокус Ситидеги» теракттан кийин коопсуздук, терроризмге, диний экстремизмге каршы күрөш кайрадан күн тартибине чыкты.
Парламенттин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков 24-марттын сабактары, окуянын келип чыгышы, андан кийинки саясий процесстер тууралуу "Азаттыкка" маек курду.
Президент Садыр Жапаровдун өлкөдөгү диний кырдаал, айрым жат көрүнүштөр тууралуу пикири талкууга түштү. Мамлекет башчы исламдын салттуу баалуулуктарына туура келбеген айрым көрүнүштөргө тынчсыздануусун билдирген.
Бүгүн Аксы окуясына 22 жыл толду. Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун ал күнү укук коргоочу катары окуяга күбө болгондордун бири. Ал күндөрдүн сабагы, быйыл 9-мартта ошол эле Аксыда, Нарын жана Таласта өткөн нааразычылык акциялары, сөз эркиндиги, адам укуктары тууралуу "Азаттыкка" маек курду.
Депутат Шайлообек Атазов парламентте билдирүү жасап, мандатын алуу аракетине башкы прокурор Курманкул Зулушевди айыптады. Ал спикер Шакиевди да сындады. Ушул эле күнү дагы бир депутат Айбек Осмонов мандатын тапшырды.
Тил — улуттун улуттугун аныктаган маанилүү критерийлердин бири. Мамлекеттик тил Кыргызстанда өнүгүп жатабы, балдар эмнеге кыргызча сүйлөбөйт, тил саясаты эмнеге таянат? "Азаттыктын" талкуусуна “Биздин Мурас” коомдук фондунун жетекчиси Чоробек Сааданбек жана саясат талдоочу Руслан Акматбек катышты.
Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу кандай? Өлкөнүн өз элине жетерлик тамак-аш запасы канча? Өкмөт базардагы тамак-аштын баасын канчалык көзөмөлдөп, жөнгө салып жатат? Социалдык жактан аярлуу катмарды тамак-аш менен камсыздоо жагы кандай чечилет?
29-февралда Жогорку Кеңеш ломбард иши жөнүндө мыйзамга өзгөртүүнү экинчи окууда кабыл алды.
Жакында Бишкек жана Ош шаардык кеңешинин укуктарын кыскарткан мыйзам долбоору Жогорку Кеңештен артка кайтарылды. Мыйзамга ылайык мэрлердин бийлиги бекемделип, депутаттардын укуктары кыскарат. Эки ири шаардагы бийлик балансы жөнүндө талкууладык.
Бүтүрүүчүлөр, мектептин жогорку классынын окуучулары келечекке план куруп жаткан маалда билим берүүдөгү, кадр даярдоодогу тенденцияларды талкуулады. Чет мамлекеттерге окууга кантип тапшырса болот?
Өткөн жумада Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот, укук маселелер боюнча комитетинде Бишкек жана Ош шаарлары үчүн маанилүү мыйзам долбоору талкууланып, ал биринчи окууда кабыл алынды.
Өткөн аптанын аягында Ош облустук психиатрия жана наркология борборунун дарыгерлерин бейтаптын жакындары сабаган. Ушундай эле окуя Бишкекте да катталып, медкызматкерлер менен бейтаптардын мамилеси талкууга түштү. Былтыр сентябрда Кара-Суу районунда "Тез жардам" догдурларына да кол салуу болгон.
Өкмөт сунуш кылган "Жалпыга маалымдоо каражаттары" жөнүндө мыйзамдын долбоору парламенттин комитеттеринде каралууда. Демилгечилер мыйзамды замандын талабына туура келтирүүнү көздөп жатканын айтышса, айрым эксперттер бул долбоор сөз эркиндигин чектеп, журналисттердин ишин кыйындатарын белгилешет.
2-февралда Бишкек Жылуулук электр борборунда авариялык абал түзүлүп, акыркы маалыматтар боюнча азыр абал өз калыбына келип баратат. Бишкекти жылуулук менен камсыздоонун абалы жана келечеги кандай?
Мурдагы энергетика министринин орун басары, өлкөнүн өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер Райымбек Мамыров Бишкек Жылуулук электр борборундагы жарылууга байланыштуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
Президент Садыр Жапаров жарандарды социалдык батир менен камсыздоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Маалыматка ылайык мындан ары батир алууну каалаган бардык жарандар алдын ала жарым баасын төлөп, үй алууга шарт түзүлөт.
Дагы жүктөңүз