Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:24

Берлин Эрдогандын элчилер тууралуу эскертүүсүнө кабатырлык билдирди


Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Германиянын канцлери Ангела Меркель. Стамбул шаары. 16-октябрь, 2021-жыл
Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Германиянын канцлери Ангела Меркель. Стамбул шаары. 16-октябрь, 2021-жыл

Немис өкмөтүнүн басма сөз катчысы Штеффен Зиберт түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын соңку билдирүүсү тынчсыздандыруу, түшүнбөөчүлүк жаратарын айтты.

"Бирок германиялык элчини Анкарадан чыгаруу тууралуу азырынча эч кандай расмий кат түшө элек. Маселе ушундай эле сестентүүгө туш болгон Париж жана Вашингтондогу өнөктөштөр менен талкууланып жатат. Спекуляция кылбай туралы".

23-октябрда түркиялык Daily Sabah гезити президент Эрдоган Батыштын 10 элчисин чыгаруу боюнча Тышкы иштер министрлигине буйрук бергенин жазган. Алардын ичинде АКШ, Германия жана Франциянын өкүлдөрү бар.

Маалыматка караганда, мындай кадам элчилер мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга шектелген филантроп Осман Каваланы бошотууга чакырык таштаганы үчүн жасалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG