Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:39

Германия Польша менен чек арасына аскерлерин жөнөттү


Беларус менен Польшанын чек арасы. 14-октябрь, 2021-жыл
Беларус менен Польшанын чек арасы. 14-октябрь, 2021-жыл

Германия Беларустан өтүп келген мигранттардын агымын тескөө үчүн Польша менен чек арасына кошумча аскерлерди жайгаштырды. Немис ички иштер министри Хорст Зихофер 24-октябрда жергиликтүү гезитке берген интервьюсунда 800 полиция кызматкери аймакка жөнөтүлгөнүн, керек болсо алар күчтөндүрүлөрүн билдирди.

Чек арада алар мигранттардын жолун тороого аракеттенген 50 чакты ашынган улутчул активистти кууп таркатты.

Еврошаркет жана расмий Берлин Александр Лукашенконун режимин санкцияларга жооп иретинде
"мигранттардын Европага өтүп келишин уюштурууда" деп айыптап келет. Лукашенко соңку маектеринин биринде мигранттар өз каалоосу менен Европага кетип жатканын айткан.

Немис бийлигинин маалыматына караганда, соңку 3 айда Польша жана Беларус аркылуу агылган мыйзамсыз мигранттардын саны 5 миңге чукулдады. Алардын көбү Йемен, Ирак, Сирия жана Ирандын жарандары.

АКШ жана Еврошаркет былтыркы президенттик шайлоонун бурмаланышы, андан кийинки куугунтукка байланыштуу Минскиге каршы санкцияларды киргизген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG