Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:20

Суданда аскердик төңкөрүш болгону кабарланды


Судандын борбор шаары Хартум. 25-октябрь, 2021-жыл
Судандын борбор шаары Хартум. 25-октябрь, 2021-жыл

Судан өкмөтүнүн бир нече министри камакка алынып, айрым маалымат каражаттары муну "төңкөрүш" деп сыпатташууда. Дүйшөмбү күнү куралдуу күчтөр убактылуу бийликтин аскердик эмес мүчөлөрүн кармашканын өлкөнүн Маалымат министрлиги “Фейсбуктагы” баракчасынан билдирди. Алар азыр кайда экени белгисиз. Армия өкүлдөрү бул маалыматка комментарий беришкен жок. Оппозициялык кыймыл калкты “аскердик төңкөрүшкө” каршы чыгууга үндөдү.

Баш калаа Хартумга аскерлер жайгаштырылып, карапайым элдин кыймыл-аракеттери чектелди. "Рейтерс" агенттиги кабарлагандай, шаардын бир нече жеринде улуттук желектерди көтөрүп алган адамдар нааразылыгын билдирип, дөңгөлөктөрдү өрттөп жатышты.

"Ал-Арабия" телеканалынын маалыматына караганда, Хартумдун аэропорту жабылып, эл аралык каттамдар токтоду.

Буга чейинки төңкөрүш Суданда 2019-жылдын апрелинде болгон. Ошондо өлкөнү 30 жыл башкарган Омар Бешир кызматынан кетип, аскерлер бийлик аларга өткөнүн жарыялашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG