Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:45

Милиция кызматкерлери зомбулукка кабылган аялдар менен балдарга жардам берүү боюнча окушат


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Зордук-зомбулукка кабылган аялдар менен балдарга көрсөтүлүүчү кызматтар менен жардамдын сапатын жогорулатуу боюнча милиция кызматкерлери үчүн бир катар тренингдер башталды.

Иш-чарага катышкан милиция өкүлдөрү зомбулукка кабылган аялдарга жана кыздарга карата базалык кызмат көрсөтүүнүн негизги принциптерин жана стандарттарын окушат. Катышуучулар аялдардын жана балдардын укуктарын зомбулуктан сактоо чөйрөсүндөгү эл аралык жана улуттук мыйзамдар менен таанышат. Өлкө боюнча 200 милиция кызматкери окутуудан өтөт.

Окутуу Ички иштер министрлиги тарабынан "Демократиялык
процесстерди изилдөө борбору" коомдук фонду менен биргеликте Министрлер кабинетинин, Бириккен Улуттар Уюмунун жана Европа биримдигинин "Теӊдик нуру" биргелешкен демилгесинин алкагында БУУнун Калк фондунун колдоо көрсөтүүсү астында өтүп жатат.

Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте 97-орунда. Аталган индексте 170 өлкөдөгү аялдардын абалы камтылган. WPS индекси боюнча Финляндия, Норвегия, Дания менен Люксембург аялдар үчүн эң коопсуз, Ооганстан, Сирия, Йемен, Пакистан жана Ирак абдан кооптуу өлкө болду.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунда Казакстан турат, андан соң Түркмөнстан, Өзбекстан жана Тажикстан болуп, акыркы сапта Кыргызстан орун алган.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, ушул жылдын башынан бери 7665 үй-бүлөлүк зомбулук окуясы катталды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 30% көп. Башкы прокуратуранын эсеби боюнча, 2019-жылы 6145 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. 90% ашык учурларда аялдар жабыр тартат.

Жыл башынан бери үй-бүлөлүк зомбулуктан кыз-келиндер көз жумган бир нече учур катталды. 2020-жылы 21 аял көз жумган. (JsA)

XS
SM
MD
LG