Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:48

АКШ визасын алууну көздөгөн орусиялыктар "үй-жайы жок улуттардын" тизмесине киргизилди


АКШнын Москвадагы элчилиги.
АКШнын Москвадагы элчилиги.

Москва АКШ Мамлекеттик департаментинин америкалык визаны алууну көздөгөн орусиялыктарды "үй жайы жок улуттардын" тизмесине киргизгенин сындады. Эми алар визага үчүнчү өлкөдөн, тагырагы Польшадагы элчилик аркылуу тапшыра алышат. Быйыл майда орус бийлиги АКШнын Москвадагы элчилигиндеги кызматкерлердин санын азайттыргандан кийин виза берүү иши дээрлик токтоп калган.

Мамлекеттик департамент сөз болгон тизмеге Кошмо Штаттардын консулдук өкүлчүлүктөрү жок же саясий, коопсуздук кырдаалынан улам виза берүү мүмкүн болбогон өлкөлөрдү киргизет. Орусияга чейин анда Куба, Эритрея, Иран, Ливия, Сомали, Түштүк Судан, Сирия, Венесуэла жана Йемен бар болчу.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова виза алуу тартибин өзгөртүү чечими менен Вашингтон "өзүнүн эркиндик тууралуу идеалдарын талкалоодо" деп телеграм-каналга жазды.

Быйыл жазында Орусия АКШ менен Чехияны “достукка жатпаган” аракеттерге барган өлкөлөрдүн тизмесине камтыган жана орус жарандарын дипломатиялык миссияларда иштөөгө алууга тыюу салган.

Мындан улам АКШ консулдуктарындагы кызматкерлердин саны дээрлик 200 кишиге азайган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG